www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жекшемби, 29-августту, Казакстандагы жарылууга байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.

Эске салсак, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Акыркы маалымат боюнча, кырсыктан көз жумгандардын саны 13кө жетти.

"Жамбыл облусунун Байзак районундагы каргашалуу окуяга, кырсыктан адам өмүрлөрү кыйылгандыгына байланыштуу 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялайм", — деген Токаев.

Ал кырсыктан көз жумган аскерлер менен куткаруучулар элдин эсинде түбөлүккө сакталарын белгилеген.

Каза болгондордун арасында аскерлер, прокурорлор жана жарылуунун кесепетин жоюу үчүн барган куткаруучулар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости