www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын чалгындоо тобу коронавирустун келип чыгышы тууралуу докладын жарыялады. Анда топтун мүчөлөрү вирус биологиялык курал катары чыгарылган эмес деген пикирге келишкен. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, доклад АКШ президенти Жо Байден үчүн даярдалган. Иликтөө 90 күнгө созулуп, чалгындоо топ бир топ маанилүү учурларды таба алганы айтылды.

Маалым болгондой, иликтөө иштеринин катышуучулары бирдиктүү пикирге келе алышкан эмес. Анда "мүмкүн" деген эки версия каралган. Бири "вирус жугузуп алган жаныбар менен байланыш" десе, экинчи топ "лабораторияда жасалган" деген пикирди айткан.

Мындан сырткары, чалгындоо тобу Кытайдын бийлиги оору чыкканга чейин коронавирус тууралуу билген эмес деп божомолдоодо.

"Коронавирустун келип чыгышы боюнча акыркы бүтүм чыгаруу үчүн Кытайдын бийлиги менен кызматташуу керек болот. Бирок Пекин иликтөөгө бут тосууда. Алар маалымат менен бөлүшпөй, башка мамлекеттерди, анын ичинде АКШны күнөөлөп жатат. Мындай кадамдар Кытай өкмөтүнүн өзүнө ишенбестигин көрсөтүүдө", — деп жазылган докладда.

Президент Байден Пекин ачык-айкындуулукка умтулбай жатканын айткан.

"Кытай өкмөтүнүн аткаминерлери башынан эле эл аралык иликтөө тобунун жана дүйнөлүк медициналык коомдун өкүлдөрү коронавирустун келип чыгышы тууралуу маалымат ала албагандай иштешкен. Мен жооп алмайынча тынчыбайм", — деген Байден.

Ал арада Кытайдын АКШдагы элчилиги америкалык чалгындоо тобунун докладын сынга алып, ага жооп кайтарды.

"АКШнын докладында илимий тактык жок. Вирустун келип чыгышын чалгындоо топ эмес, окумуштуулар гана изилдей алышат", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик Кытай коронавирус тууралуу маалыматтарды жашырбаганын айтып, ДССУ менен ачык-айкын кызматташканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости