www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Усубалиев Таалайдын «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына» арналган сүрөт көргөзмөгө, «Ата Бейит» деп аталган сүрөтүн чыгарып, «Элдин ынтымагы» тууралуу идеяны чагылдырганын белгиледи. Ал эми, мен үчүн «мамлекеттин жок болуп кеткенине траур күтүп жаткан ажолор» тууралуу ой чагылдырылып калган го деген ойлор пайда болду. Албетте, ар бир адам бул көркөм чыгарманы ар кандай кабыл алат. А бирок, чындыгында келечекте мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурган жагдайлар барбы деген суроолор тынчымды алат.

Тунгуч президент А. Акаев либералдык идеологияны сунуштап, «либерал экономика», «либерал демократиянын» баалуулуктары келди. Бул идеялардын көмүскө мааниси – коллективдүү духтан, индивидуал-эгоисттик ой жүгүртүүгө жетелеп, элдин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирип, социалистик кыртыштан, жапайы капитализмге келип калдык. Жыйынтыгында, акчаны кудай кылган либералдык экономика жеке менчикке негизделип, ата менен баланы, ага менен инини, эже менен сиңдини жер, үй, акча талаштырып, уруштурду. Коллективдүү баалуулукка негизделген кыргыз коомун эгоисттик идеология менен бөлүп жарды. Ал гана эмес, билим берүү – бизнеске айланды, илим – бизнеске айланды, саламаттыкты сактоо – бизнеске айланды, бала бакча бизнеске айланды, саясат – бизнеске айланды. Тунгуч президент түзүп берген системаны. андан кийинки ажолор буза алган жок.

Эгемендүүлүктү алгандан кийин төрөлгөндөр 30 га чыкты, бирок, акчасыз эч бир проблема чечилбегенин түшүнгөн жаштар, баардык нерсенин баасын бычып, салмактап көрөт. Жада калса, кыргыздын жерин да бизнестин көзү менен карайт, мамлекеттик бийликке да элге кызмат кылыш үчүн эмес, акча жасаш үчүн барат. Анткени, акчаң болсо, баардык проблема чечилет. Акыркы мезгилде мыйзамсыз байыган чиновниктердин акчасын алып, «кустурация» кылып жаткан саясат, бул – азыркы жаштардын аң сезиминде кандай гана иш жасаба, долларын болсо, «баардык проблема чечилет турбайбы» деген стериотипти калыптандырып жатат. Мындай процесс мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатканы капа кылат..

«Пулуң болсо, кулуңмун» –деген коомду мамлекеттик деңгээлде тарбиялап жатканда элдин келечеги кыйын. Анткени, акчаны кудай кылган либералдык идеологияга сугарылган жаңы кыргыз коому – «Эгемендүүлүктү» бизнестин көзү менен карап, доллардын көлөмү менен бычып койбойбу деп тынчсызданасың!

Маалымат Амангелди Сабыровдун Facebook баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости