www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-17-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө КР УКМК Чек ара кызматынын бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынан билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, денесинин 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан, анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болгон эмес.

“Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады”, - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында керектүү материалдар генетикалык-экспертиза - ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга жөнөтүү үчүн даярдалды.

ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Д.Анарбековду издөө иш-аракети улантылат.

Кошумчалай кетсек, 14-сентябрдан 17-сентябрга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуулардын кесепетинен 62 кыргызстандык набыт болуп, бир адам дайынсыз жоголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости