www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды. Мамлекет башчы армиянын баркы көтөрүлүп, жоокердик милдетин аткарууну каалаган жаштардын көбөйүп жатканын айтып, “учурдун талабына жооп бере турган армия түптөлдү” деп белгиледи. Бул тууралуу Азаттык билдирди

“Жалпысынан алганда 2481 батирлүү 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 батирлүү 22 объектинин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн 54 жаңы батирдин ачкычтары тапшырылат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу иш-чара”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы ден соолукту чыӊдоого багытталган спорт аянтчасын курууга 300 миӊ сомдук сертификат тартуулап, жаңы батирлерди карап чыгып, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.

Бүгүн эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 26 жыл толду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости