www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Жусуп аке, сиз мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен учурунда дос болчусуз. Азыркы президент менен да бир партияда чогуу жүрүп, экөөңүздөр эки облуста губернатор болуп иштедиңиздер. Эки досуңуздун азыркы абалын көрүп эмне деген тыянак чыгарып жатасыз?

— Мен чындыгында мурунку президент менен жакшы теңтуш болуп, сырдашып да, анча-мынча сөгүшүп да жүргөнмүн. Кийин экөөбүздүн ортобуз алыстады. Ажыраганыбыздын себеби, анын 2009-жылы миң адамды көчөгө алып чыгам дегени болгонун жакшы билесиң да. Мен кыргыз элин жарандык согушка алып барбагын деп катуу айтышканымды биринчи эле сага айтып бергем. Буга өзүңдүн Азимбек акең күбө. Андан кийин жолуккан жерде саламдашып жүргөнбүз. Аз убакыт Жалал-Абадда губернатор болуп иштедим. “Текебаев сени кетсин деп жатат” дегенди айтып, анын колу менен ал жерден алышты. Сооронбай менен болсо саламыбыз түз. Экөөбүз эч качан “Сен” деген сөзгө барбадык. Эми экөөсүнүн ортосунда кандай маселе болгону табышмак. Акча же кадр, өлкөнүн тышкы жана ички саясаты боюнча маселе болдубу так айталбайм. Эки достун ортосуна түшкөнүм жок да. Мага караганда экөө абдан жакшы болуп кетишкен. Биринчиси экинчисин өзү үгөттөп жүрүп президент кылды. Муну айтышыбыз керек. Булардын арасына түшсөм, “Сага караганда биз жакынбыз…” деп айтса кайра өзүм уят болуп калам да. Ошон үчүн ортосуна түшпөй эле койдум.

— Эки достун тиреши деле бийликтин айынан, мен башкарам деп чыккандан улам болсо керек. Мүмкүн, Атамбаев өзүн хан сезип алып, Жээнбековду өзүнүн тегерегине чогулган “сары ооз” саясатчы балдардай колдоном деп ойлоп жаңылышкандыр?

— Атамбаев эл арасында жүргөн мыкты уул-кыздардын баарына жаман көрүнүп, аларды коркутуп, багындырып алам дебестен, элге жыгылып, рахматын айтып, элдин колу-бутун өпсө болот болчу. Кыргыз эли “Кандай адам болсо да эптеп 6 жыл чыдайлычы. Кийинкиси мыкты болуп калар” деп сабырдуулук кылып, келечекке үмүт кылды. 2005-жылы революция болуп, морадерчулук орун алды. 2010-жылы жигиттердин өлүмү менен бийлик алмашты. Улуттар аралык жаңжал чыгып, анда дагы кан төгүлдү. Ушундан кийин элибиз тынчтык эле болсун деп тилек кылды. Бул тынчтыкты Атамбаев менин эмгегим деп эсептеп алды. “Мен эки революцияны жасагам. Элди тынч кармаган да мен болдум” деди. Каршы чыккан адамдарды облусуна карап шылдыңдаганга чейин барды. Ошентип жүрүп өзүн хан сезип алган. Ошондон ажырагысы келбей жатат. Аттан түшсө да үзөңгүдөн түшкүсү келбей жүрөт. Кеткенден кийин заңгыратып салган үйүнө барып, Кудайдан, элден кечирим сурап, тообо келтирип, өзүнүн жытын ошол үйгө таратып жашай бербейби?! Резиденциядан чыккысы келбей, досторум салып берди деп жаңы үй салбастан?! Достору салып берген – накта коррупция. Башка өлкөдөгү кайсыл достору салып берди? Ачыгын айтпайбы? Чет өлкөлүк достору салып берсе, досторуна биздин төрүбүздү сатканы! Бул чыккынчылык.

— Сооронбай Жээнбеков Жусупжан Жээнбековду кызматка чакырса барабы?

— Мени кимиси болбосун, башында мүйүзү бары чакырса да Кыргызстаным үчүн иштеп берем. Мен бир адамдын кулу болуп иштебейм.

— Сиз КСДПны элге таанытып жүргөн кезде бүгүн ушул партиянын атынан чоң кызматтарга баргандар, депутаттык мандатты төшкө тагып олтургандар бар беле?

— Азыр мен тааныгандардан Иса Өмүркулов, Асилбек Жээнбеков, Осмонбек Артыкбаевдер эле калды. Калганынын карааны жок болчу.

— Алмазбек досуңуз президент болгон соң тегерегин шоопуру болуп жүргөн Икрамдын тобу менен курчатты. Булар менен катарлаш эле Максимдин жанында жүргөн Сапар баштаган топ турду. Досуңузду Икрам менен Сапардын тобу бузушкан жокпу?

— Адамды айлана-чөйрөсү бузат. Мен Икрам Илмиянов, Болот Сүйүнбаев (Атамбаевдин мурунку жан сакчысы), Асель Кодуранова, Эркин Мамбеталиев, Данияр Аттокуровду Атамбаевдин жанында жүргөнүн көрчүмүн. Ушулардын катарына Максимдин балдары кыпчылды. Анын башында Сапар Исаков. Бул балдар 5–6 жылда оңбогондой байыды. Болот иним 25 жылда Дене-тарбия институтун зорго окуп бүтүп, 6 жылда генералдык чинди алганы эмне дегендик? Икрам эки кызын Нью-Йоркто окутуп жатат деп сүрөттөрү менен чыгып жатат. Кайсыл акчага? Мен азыр шаарда неберемди бир бала бакчадан бир бала бакчага которо албай жүрөм.

— Сиз досуңуз менен 2009-жылы сөгүшүп кетип жатасыз да. Икрам Илмиянов ошол жылы деле анын шоопуру болуп жүргөн. 2010-жылы булар бийликке келишти. Бир жыл мурунку шоопур Илмиянов менен кызматтагы Илмияновдун айырмасы кандай болгон?

— Мен аны кайним деп коёт элем. Бул жигиттин өзгөргөнү 8 айда эле билинген. Кичипейилдиктен алыстай баштаган.

— Шоопур учурунда элпек болуп, чай куюп бере калып жүргөн Икрамды 8 айдан кийин башка адам катары көрүпсүз да?

— Шоопур кезинде чуркап келип учурашып, чогуу болгондо чай куюп эле жүргөн. Бийликке келгенден кийин бир жылга жетпей, “аке келиңиз” деп чайнекти алдыңа жылдырып койгондой болуп өзгөргөн. Президенттин аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп жатканда “Жусуп аке, сиз мага губернаторлуктан кетүү боюнча 2 айга убактылуу арыз жазып туруңуз. Текебаев сизге асылып эле туруп алды” деп Текебаевдин катын көрсөтүп, менин арызымды алып, аны Оторбаевге бербестен, ага кетире бер деп айткан сөзүнөн эле бул жигиттин ким экени билинип турат. Мени көз карашымдан сыйлабай эле койсун. Жасап жаткан иштеримди кийинки жана мурунку губернаторлор менен салыштырса болмок. Эми, ал маселеге деңгээли жетпейт да.

— Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов азыр КСДПнын активдүү мүчөлөрү болуп, Кулматовго козголгон кылмыш ишин, Исаковдун сурак бергенин саясий куугунтук катары карап жатышпайбы?

— Сапар менен Кубанычбек кечээ эле КСДПга киришкен. Булар жанын сактап калгысы келгендер, Алмаздын канатына кирип, калкалангандар. Аларды ким саясий мотив менен куугунтуктап жатыптыр? Саясий куугунтук көргөм деген Атамбаев өзү Акаевден “Даңк” орденин, Бакиевден “Данакер” орденин, Жээнбековдон “Кыргыз Республикасынын Баатыры” дегенди албадыбы. Ар бир президенттен сыйлык алып жатат. Кийинки президент келсе, ага “Түбөлүк аталык” деген чинди бериши керекпи? Кулматовду көргөн да эмесмин. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов КСДПга куюшкандын түбүндөгү ит чымынга окшоп кийин кыпчылып келишкен. Кулматовдун Россия жарандыгы бар экенин Азимбек айтып эле жүрбөйбү. Буларга саясий куугунтук боло элек. Алар бир куюшкандан экинчи куюшканга кире качкандар да.

— 2009-жылы досуңуз менен сөгүшүп, достук мамилени токтоткон учуруңузда, ал киши президенттик шайлоого талапкер болуп чыгып, Акмандагы эл менен жолугушууга ичип алып барганы чындык. Ошондо сиз ал кишини Жалал-Абаддан тосуп алгансыз. Кийин аны ууландырып коюшкан деп айтылды. Чындап эле ууландырганбы же өзү аракка ууланганбы?

— Мен анын ууланганын билбеймин. Базар-Коргон менен Сузактын ортосундагы Топурак-Белден күтүп алганым чын. Алар Аксыдан кызуу келишкен. Алмаз мен аны коштоп жүрбөгөнүм үчүн ачууланып түштү. Кечинде Жалал-Абаддагы мейманканада экөөбүздүн ортобузда балам тууралуу уруш чыгып кетти. Үчөөбүз тең арак ичкенбиз. Анда “Путинка” деген арак чыга элек болчу, “Главспирт” деген арак ичкенбиз. Алмаздын жоон сандары, жамбаштары тешилип кетип, ууланганын Азимбек көргөн экен. Кийин Азимбектин Алмаз унитазга олтуруп калганы тууралуу айтканы чыкты. Ууланганын кусуп койгондо, ыштанын булгап алганда көрсө керек да.

— Атамбаев менен сөгүшүп кеткениңизде, ал киши жалалабаддыктарды бөлүп, сөккөнү чынбы?

— Алмаз “Нах..й мне нужны джалалабадцы. Без Джалал-Абада обойдусь” деп сөгүнгөндө, Азимбек көрдүңбү, бул биздин элди сөгүп жатат деп айткам. Муштумумду көтөрүп туруп, бир уруп ээгиңди талкалап коёт элем, бирок үйгө келген конокту ит капты кылбайын. Сени менен Чүйдө сүйлөшүп алам деп айткам. Жалал-Абад элин сөккөнү анык.

— Алмазбек Атамбаев Акмандагы жолугушууга мас абалында барып кайткандан кийин “Мен Жусупка ичип алып сүйлөбөсөм, сүйлөй албайт болчумун” деген турбайбы?

— Мен Акманга барбай, Бишкекке келе бергем. Сосновкага келгенде, жардам бергиле деп жанына кошуп берген балдарга телефон чалсам, алар “өлдүк, Алмаз Атамбаев Акманга мас болуп келди” дешти. Кийин эмне болду?- десем, “Андан кийин Базар-Коргондогу көлдүн жээгине барып ичишти. Биз азыр мантыканада олтурабыз. Алмаздан Жусупту эмнеге сөктүң деп сурадым. Ал “Мен ичип албасам Жусупка сүйлөй албайт элем. Баласын өлтүрүп койгону чын болчу. Ичип алып туура эмес айтып алдым. Жусуп ошон үчүн сөктү” деп айткан. Мантыканадан чыгып, Ошко барышып, самолёт менен Бишкекке учуп келишкен. “Асилбектер мени дарыланганга Кытайга жөнөтүшкөн” деп айтпады беле. Кытайга барышкан эмес.

— Осмонбек Артыкбаев менен чогуу бир чакырылышта депутат болдуңуз. Ал адам кечээ Бишкек ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган 386 млн доллар боюнча парламенттин талкуусунда “Буйрук бергендер жазаланбай, буйрукту аткаргандар жазаланып жатат. Мен тергөө менен иштешүүгө даярмын” деп айтты. Артыкбаев бул сөзү менен “шефин” сатып кеттиби?

— Чыңгыз хан маңгыттардын ханын сатып келген аскер башчыларынын башын алдырып салган. Эмне үчүн башын алдырдыңыз?- деп сураганда, Чыңгыз хан “Булар өз ханын саттыбы, мени да сатат” деп жооп берген. Осмонду азыр деле сыйлайм. “Алар айтканды мен кылдым” деген сөзү чыккынчылык, саткындын айтканы. Бул айтканы туура эмес. Ал да сөзсүз түрдө жооп бериши керек.

Маектешкен Наралы Асанбаев

 Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости