www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы жемкорлордун кесепетинен, кыргыз эли карызга батып, Кытай карызына кандай кадам жасайт ,деп алаңдагандар дагы жок эмес. Ушул жылдын 26-январында жарылган ТЭЦ уурулардын бетин ачып, алкымы чоң аткаминерлер, УКМКнын эшигин аттаганга аргасыз болушту.

Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү 17-майда ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгына ылайык, Кытай тарап берген 386 млн. АКШ доллар туура эмес сарпталганына байланыштуу тийиштүү аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алганы эсибизде.

Ошентип, оозубузду жыя электе, Улуттук тарых музейинде жана Чолпон-Атадагы ипподром боюнча асманга сапырылган акчанын чети чыкты. Эми калганын күтө туралы, канчасы камалып, канчасы акчаны төлөп берет...

Баса, бизге жеткен маалыматтарга таянсак жакынкы күндөрү дагы Жогорку Кеңештин 4 депутатына кылмыш иши козголуп, камакка алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости