www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Гүлмира Кудайбердиева деген Билим Берүү министри бар. Ал эч качан кабинетинен чыкпайт. Аймактарды кыдырбайт, өзү менен өзү. Тилекке каршы өлкөбүздө СССРден калган китептерди окуп жаткан окуучуларды деле билбесе керек. Ал бүгүн, 29-майда маалымат жыйында, “окуу жылы 10-сентябрда башталып, 30-майда аяктайт”, дептир. Министр болуп келгенден бери кылган иши ушул. Дүйнө жүзүндө 1-сентябрь окуучулар үчүн чоң майрам экенин "татебиз" билбейт окшойт. Ошентип, Гүлмира айым эл аралык стандартты бузуп, оюна келгенди эл өкүлдөрү менен ойлоп тапты.

«Мына, май айы, көчөдө салкын. Ысык болгондо биздин балдар кыстыккан бөлмөлөрдө окууга аргасыз болушабы? Бул шарттар окуу жылынын башталышын 10 күнгө жылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Биз мунун баарын талдап чыкканбыз. Башталгыч класстарга үй тапшырманы жокко чыгарууну колдойм», - деп кыялданган министр айым.

Дооронбек Садырбаев айткандай, мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыз экен да. Кыргыз эли жарытылуу аткаминерге жалчыган жок. Билим Берүү министри деле колунан коко келбегенден кийин кызматтан кетип калса жакшы болот беле? Же өзү уялбайт же кылган ишинин дайын жок. Бул министр экиге, экини кошо албаган окуучунун эле өзү да. Билим Берүү министрлигине Каныбек Осмоналиевге окшогондорду алып келсе жакшы болмок.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости