www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-майда “Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды”, деген жергиликтүү ММКларда маалымат тараган. NazarNews сайты, 1998-жылы туулган Турдаалы кызы Бурулайдын, денесине 5 жолу бычак сайып, көкүрөгүнө “Н+Б” деп жазган таластык Марс Бөдөшовдун сүрөтүн изилдеп таптык.

Белгилей кетсек, маркумдун баш сөөгү ажырап кеткени сүрөттө так жана даана байкалып турат. Тилекке каршы алган оор жаратынан улам жеринен каза болгон, 20 жаштагы маркум Турдаалы кызы Бурулайдын бүгүн, 29-майда сөөгү жерге берилди.

Эске сала кетсек, Чүй ОИИБ: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.", деген маалыматты тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости