www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олжокенин “РухЭш” сайтынан айтылуу илимпоз, устат, азыркы кыргыздын чыгаан интеллигенти Үмүт Култаеванын алпейим маегин окуп, ыйлагым келди. Эже башына күн түшүп турса да, адамдык бийик парасатынан жазбай, өзүн кызматтан бошоткон окуя тууралуу кылдат айтып бериптир.

Сулайман Кайыпов жазгандай, “ата даңкы” менен бийликке илешип келаткан Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору Канат Садыковдун Үмүт Култаевага жасаган кылыгын эгер атасы, Кыргыз эл акыны Жалил Садыков кокус тирүү болуп угуп калса, “ырас кылыпсың балам!” дебесе керек, менимче. Кеп Бабановдо деле эмес.

Бабановдун Он-Адырдагы сөзү акылдуу, кыраакы саясатчынын сөзү болбогонун убагында баарыбыз айтканбыз. Кеп ошонун сөзүн талдоого алышып, өз ойлорун эркин билдирген окумуштуулардын эркин, адамдык касиетин сындырып коюшта болуп турат. Деги биз кай заманга баратабыз?!

УКМК чакырды дегендин өзү эле азыр башыңа кара булут айлана баштагандын белгиси болуп калды. Азыркы бийлик УКМКны чокмор кылып канчага чейин барар экен?.. Үмүт Култаева эже өзү айткандай, адамгерчилик мамиле кайда калды, Канат мырза?!

Акыбал ушундайга жеткенде деле жагдайды өз оозуңуз менен адамча түшүндүрүп койсоңуз, кичирейип калат белеңиз? Үмүт эжедей адам кыргызда сейрек. Эми ушундай адамдарга кылган айбанча мамиле, алардын билим- тажрыйбасын пайдаланып калгандын ордуна кызматтан бошотуп жиберүү маңкурт бийликтин гана колунан келди го.

Качанга чейин маңкурттардын бийлигинде жашай беребиз?! Кыргыз бийлигинин кылыктарын көрүп, башкалардыкына салыштырып, үмүт өчөт… Деги үмүт качан жанат?..

Булак: "ruhesh.kg"

Последние новости