www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

.. "Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" демекчи, табигаттын бизге берген сыноосу баарыбызды сестентти. "Пейилиңерди оңдогула!" дегендей эскертүү, билгенге. Сабырсыздар көп экенбиз. "Мүдүрүлсө, чалынса, жыгылса, жамандыктан башы чыкпаса" деген кара ниеттер андан да көптөй.

1995-жылдан баштап парламентте корреспондент болуп иштегем. Ошондо эле бюджет, кышка даярдык маселелелери менен бийлик башындагылар парламентке келгенде ТЭЦтин мышык ыйлаарлык абалы тууралуу далай кеп козголгон. 25 жыл бою. Эч ким, айрыкча 15 жыл башкарган бийлик көңүл да бурган эмес. Тескерисинче, завод-фабрика, мамлекеттик имараттар тонолду, сатылды, ошо кездеги бийликте отурган бир ууч топ эбегейсиз байыган!!! 

Кыргыз кызмат дегенде эт бетинен кете тургандарданбыз. Азыр акыркы беш күндөн бери премьерлик кызмат көптүн түшүнө кирип, уйкулары жакшы эмес. Сапар Исаковду ээрден кантип жыгыштын айла амалын ойлоп, менчик журналисттерине, алардын он, жыйырма фейктерине моокумдары канганча шыбатып отурушат. "Эмне болуп кетээр экен?" деп коңулдан карап. 

Сапар Исаков жаш, эч качан коррупцияга аралашкан, уурдап-тоногон эмес! Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброю үчүн ак кызмат өтөгөн, эл аралык бөлүм жетектеп. Идеяга бай, эрктүү, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү өзүнчө кеп. 

ТЭЦ жарылып элдин кыйналып атканын көргөндө боорукер жүрөгү чыдабай кетти. "Жууркан" деп туура эле айтты, бала кезде үшүп калганда апасы жылуу жуурканга жаткырып койгонунун таза жүрөгү эстеди да. 

Эгер ал алчы таасын жеген, уурдап-тоноп, ынтыккан чиновник болгонунда калп эле күпүлдөп сүйлөп, кызматкерлерин кууруп, эл алдында жасалма мүнөз күтмөк. Өз башын ойлосо канча бирөөн кызматтан алып иймек. Кызматтан кеткен менен кырдаал оңолбосун түшүнүп, күнү-түнү ошо жерде жүрөт. Элинен кечирим сурап атат. 

Кресло аңдыган карт бөрүлөр, тарп аңдыган таз жорулар үчүн бу кырдаал асмандан издегени жерден табылгандай жетиналбай жерди жети муштап, чачтарды жулуп, беттерди тытып эле кубанып жатып калдык. Шапкелерин көккө ыргыткандар канча болду? 

... Жардам берейли да, аңга түрткөндө не пайда? 
... Эртең парламент кызыйт? Кыйкыргандар бир укмуш болот? Бирок, бирок! 
... Айланайындар калыс болгулачы? Парламентте азыр канча экс-премьер, канча экс жетекчилер отурат... Эртең алар бакырып, элге күйүп, күйгүлтүккө түшсө эч таң калбагыла! Аларды анан менчик журналисттери иттей мактап чыгат!

Жылдыз Мусабекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости