www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаров менен Садыр Жапаров тышкы карыздын кокодон алып турганын кайра-кайра айтып, элдин кулагын ушалап, эмнеге көндүрүп жатканын жакында билебиз. Бул тууралуу журналист Аскер Сакыбаева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Кыргызстанда Акылбек Жапаров менен Адылбек Касымалиевден башка өкмөттө иштей алчу киши жокпу? Адылбек Касымалиев бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары катары ант берди. Акылбек Жапаров менен Садыр Жапаров тышкы карыздын кокодон алып турганын кайра-кайра айтып, элдин кулагын ушалап, эмнеге көндүрүп жатканын жакында билебиз.
Быйылкы 23 млрд сом тышкы карыздан кутулуу, анан калса августтан тарта мамкызматкерлердин айлыгын жогорулатуу ишин Касымалиев өңдүү чиновниктер аткара алаарына чоң күмөнүм бар. Анткени ал А.Атамбаевдин тушунда финансы министри болуп иштеп турганда, министрликтин кызматкерлери үчүн жабык, дагы бир укмуштай талаптары бар бассейн курдурууга тендер жарыялап, коомчулуктун катуу сынына кабылган.
Акыры коомдук пикирдин таасири менен ал тендерди жокко чыгарууга аргасыз болгон. Элдин акчасын ушундай жумшап көнгөн неме эми эле сонун иштеп кетмек беле? Касымалиев финансы министринен башка да көп эле мамлекеттик кызматтарда иштеди.
Бассейнден башка, элдин эсинде кала тургандай демилге көтөрүп иштегенин көрүп да, уккан да эмесмин. Анан эле ушундай эт менен челдин ортосунда күн көргөндөргө азыркы бийлик неге зар, такыр түшүнбөйсүң», - деп жазат Сакыбаева.
Булак: NazarNews.kg