www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министрлиги аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн айрым учурда 14 айга (бир жыл эки ай — ред. ) чейин узартууну сунуштап жатат. Аталган мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду.

Учурда Кыргызстанда аскерге чакырылгандар 12 айдан кийин үйүнө кайтат.

Сунушталган долбоордо эгер УКМК, Чек ара кызматы, Ички иштер же Өзгөчө кырдаалдар министрликтери сыяктуу мамлекеттик органдар демилгелесе, кызмат өтөөгө чакырылган жоокер эки айга чейин кармалып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, муктаждык жаралган учурда 14 айга чейин алып калууга укук берилет.

Коргоо министрлиги мурдагы чакырылган аскерлер кетип, жаңылары тийиштүү тажрыйба топтогонго чейинки аралыкта Куралдуу күчтөрдүн жалпы күжүрмөн даярдыгы алсызыраак болуп каларын айтууда. Андан улам дал ошол айларда армиянын катарында тажрыйбалуу жоокерлерди кармап туруу керек деп эсептешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости