www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
—Аслан мырза, Бегалы Наргозуевдин сайты сизди шакабалап, басынтып, «Аслан Сартбаев байкуш, Курсан Асановдон таяк жеген» деп жазыптыр. Эмне болду эле, ошол окуяны ачык айтып бере аласызбы?
—Эми Бегалы Наргозуевди мен жакшы билем, ичи тар, кекчил, бир керкейген адам, Убагында экөөбүз чогуу иштешип, эриш-аркак эле жүргөнбүз. Раматалык Мелис Эшимканов муну элге кошуп, адам кылган. Мени ал эч убакта басынта албайт, аз күндө Наргозуевге жолугам, жигитче түшүнүк менен сүйлөшөм. Анын шиши толуп жүрөт, «жарып» салсамбы?..
—Курсан Асановду мисал кылып, сизди согуп атпайбы?..
—Ошол болгон окуяны айтып берейин. «Белладжио» ресторанына Рустам Маманов чакырып калды. Барсам депутат Азиз Турсунбасв экөө отуруптур, ал-ахвал сурашып, жайланышып калдык. Бир маалда Рустам аке «Курсанды чакырып койдум эле...» деди. «Келсин» дедим. Келди. Мени түртүп жиберди, «ответка» бердим. Ортого Азиз Турсунбаев түшө калып, ажыратты. Өтө деле чыр-чатак болгон жок. Мен да катуу айттым. Курсан «виски ичем» деди. Мен агынан алдым. Төртөөбүз шарактап, жакшы отурдук. Ошентип, ресторандан тарадык. Илгертен «МЕНТке ишенбе» деген кеп бар эмеспи. Мен өзүмдү сакташ үчүн «Курсан мага кол көтөрүп ийди» деп билдирүү таратып ийдим. Бул саясый кадам эле. Ызы-чуу болуп жатып калдык. Кийин мага Асановдун душмандары чыгышып, арыз жаздырууну, аны жумуштан алдырууну суранышты. Бирок, мен андай пастыкка барган жокмун. Арыздануудан баш тарттым. Азыр жүзүм жарык. Себеби, мен «терпила» эмесмин...
—Кызык, сизди ушул жагынан бетке кармап эле согуп атышпайбы?
—Адилетсиздик, жалган жалааны жабышса ачууң келет да. Керек болсо Курсан Асанов менен Бегалы Наргозуевди кыңга киргизем! Булар жөн жүрбөсө аягын чейин согушам. Мен башты сайып коюп жүргөн жигитмин...
—Баса, Ахматбек Келдибеков менен да чыр-чатакташып жүргөнүңүз угула баштады...
—Ахмат аке менен буга чейин ортодогу бузукулардын айынан түшүнбөстүктөр болгон. Бирок, мен кийин аңдап, чагымчылдыкка алдырбай, өзүмдү кармап калдым. Ал кишиге каршы мени тукургандар, бузгандар болду. Мен убагында кырдаалга баа берүү менен сый мамиледе болууну туура көрүп турам...
Амантур Мусагул уулу
Булак: Де-факто