www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков өз аппаратынын башчылыгына белгилүү саясий менеджер, такшалган башкаруучу Досалы Эсеналиевди алып келди. Ал буга чейин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары катары иштеп, өзүнүн мыктылыгын далилдей алган соң гана бул чечим кабыл алынды сыягы. Досалы Акпаралиевич буга чейин аппараттык башкарууда жана саясий менеджментте ири ийгиликтерге жетишип, өзүнүн баалуу кадр экендигин далилдей алган. Анын такай коштоп келаткан ийгиликтеринин арасынан негизги 3 жетишкендигин өзгөчө белгилөөгө болот.

1. Эл аралык донор уюмдарда иштеп жүргөн Досалы Эсеналиев 2003-жылдан баштап мамлекеттик кызматка өткөн. Президенттик аппараттын маалымат кызматында 5 жыл ичинде катардагы кызматкерден баштап жетекчисине чейин жетти. Кыраакы Медет Садыркулов анын уюштуруучулук талантын туура баалап, 2008-жылы жанына президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кылып алган. Андан кийин Пезиденттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп эмгектенди. Бул кызматтардын барында тең Досалы Эсеналиев өзүнүн прогрессивдүү менеджерлик сапатын толук ачып иштей алган. Жогорку жетекчилик тарабынан бир да эскертүү укпай, килем астындагы кытмыр жолдорго, оңой баюунун азгырыгына берилбей, тескерисинче тазалыкты так кармап, такшалуу менен өрдөп гана келди.

2. Саясый чөйрөдө Досалы Эсеналиевди саясий технологияны мыкты өздөштүргөн адис, дипломат, маалыматтык, идеологиялык жүрүштөрдүн устаты катары баалашат. Ал муну иш жүзүндө далилдеп, партия курулушу боюнча чоң ийгиликтерге жетише алды. 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдынан “Республика” партиясын түптөп, аны кыска убакытта шайлоого даярдоодо эбегейсиз чоң роль ойногон. Жаңы гана түзүлгөн партиянын шайлоодо 3-орунда келип, парламентте таасирдүү орунду ээлеши Өмүрбек Бабановдон мурда Досалы Акпаралиевичтин чыныгы маңдай тер эмгеги экендиги талашсыз. 2013-жылы Эсеналиевдин “Республикадан” кетиши партиянын ооматын бир топ очорулта койгон.

3. Баалуу кадрга талап ар дайым болуп турат. “Республикадан” кеткенден кийин Досалы Эсеналиев саясий менеджерлик ишмердигин улантып, партия куруу боюнча жаңы долбоорун ишке ашырды. Натыйжада, 2015-жылы шайлоо башталаарга аз гана мөөнөт калганда жайдак жерден “Бир Бол” партиясы куралып, катарына мен-мен деген кыйын саясатчыларды топтой алды. Шайлоо технологиясын туура колдонуу ийгиликтерди алып келип, “Бир Бол” парламенттен орун алды. Фракция парламентте ар дайым таасирдүү позицияны кармап, анын депутаттары менен бардык тараптар эсептешет.

Кыргызстанда Президенттин аппаратынын жетекчиси ажонун эң ишенимдүү оң колу катары эсептелип, өлкөдөгү эң таасирдүү 5 фигуранын катарына кирет. Досалы Эсеналиевдин бул кызматка келиши анын төртүнчү бийиктикке карай өрдөп чыкканын билдирет жана бул орунда да бараандуу ийгиликтерди көрсөтө алаары күмөн санатпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости