www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки океан тогошкон жерде

18-августтан тарта 2-сентябрга чей­ин Тынч океан менен Инд океаны кесилиш­кен жерде, Инденое­зиянын Жакарте жана Палембанг шаарла­рында XVIII Азия оюн­дары старт алат, 2-сен­тябрга чейин.

Каныбек капитан

XVIII Азия чемпионатында Кыргызстан спорттун 28 түрү боюнча ат салышат. Учурда машыктыруучулар, дарыгерлер, расмий жетекчилерди кошкондо 202 делегация учуп кетишкени айтылууда. Алардын ичинен 149у спортсмендер. Команданын капитаны болуп грек-рим стилиндеги балбан Каныбек Жолчу­беков дайындалды. Ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун волейболист жигитибиз Оңолбек Каныбек уулу алып чыгат

Азия оюндарынын тарыхынан

Бул мелдеш Азия мамлекеттеринин арасында 4 жылда бир өткөрүлүп турат. Биринчиси, 1951-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн. Анда ага 11 мамлекеттен 489 спортсмен катышкан. Быйыл 45 мамлекеттен оюнчулар­дын катышаары күтүлүүдө. Оюн Азиянын Олимпиадалык Кеңешинин (ОСА) эрежесинде өтөт.

1994

К ы р г ы з с т а н А з и я о ю н д а р ы ­на эгемендүүлүк алгандан кийин, 1994-жылы алгачкы жолу өз туусун көтөрүп чыгышкан. 51 спортсмен, 8 машыктыруучу спорттун 13 түрү бо­юнча өнөр көрсөткөн. Ал Япониянын Хиросима шаарында өткөн. Кыргыз­стандын курамасы биринчи жолу ка­тышып жатса да Хиросимадан бир топ жеңиштер менен кайткан. Балбан Да­нияр Көбөнов, жөө күлүк кыздарыбыз Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова алтын медаль тагынышып, Азия ондарынын чемпиону аталган.

1994-жылы Японияда Кыргызстан биринчи жолу ка­тышып, Улуттук команданы даңазалуу балбан, маркум Раатбек Санатбаев ачылыш аземинде баштап, Азия оюн­дарында алгачкы жолу кыргыз туусун көтөрүп чыккан.

Кыргызстандык спортчулар Хиросимададагы Азиадада 4 күмүш, 5 коло медалды бөктөрүп келишкен. (Раатбек Санатбаев – грек-рим күрөшүнөн, Максат Бобурбеков – эркин күрөштөн, Евгений Ваккер – велоспорт боюнча, Юрий Ломов – ок атуу боюнча күмүш медалга ээ болушса, Руслан Гебеков (грек-рим күрөшү), Нурдин Дөңбаев (эркин күрөш), Митал Шарипов (оор атлетика) жана командалык эсепте велоспортчулар Александр Дядич­кин, Евгений Тузов, Дмитрий Ченцов жана Александр Кайкин, спорттун азыркы беш түрү боюнча ко­мандалык эсеп­те Игорь Фель­ман, Александр Поддубный, Александр Чвировдор коло медалды жеңип алышкан.) Ошондо кыргыз спорту жаңы багытка түшкөндөй болгон... (Делегацияны ал кездеги Улуттук олимпиа­да комитетинин төрагасы, спорттогу салабаттуулукту ба­алай билген маркум Эшим Кут­маналиев жетектеп барган.)

Боксерлор, балбандар, оор атлеттер

Кыргызстандын курама команда­сында оор атлеттерден бул ириет 3 балбан күч сынашат. (Жаңыл Окоева 48 кг. чейин, Иззат Артыков, 69 кг, Бакдөөлөт Расулбеков оор салмак) Аталган курамдын башчылыгында КРнын оор атлетика федерациясы­нын вице-президенти Уланбек Мол­додосов кошо кетти. Мушкерлер ку­рамасында: Фарида Пупова, 60кг. (аялдар арасында), Мирлан Турк­бай уулу, 49 кг. Азат Усеналиев 52 кг, Сирожидин Абдуллаев, 56 кг. Арген Кадырбек уулу, 60 кг, Нурлан Коба­шев 64 кг жана 69 киллограмм сал­макка чейин Абдурахман Абдурах­манов) Алгачкы беттеш 20-августта башталат.

Жалпысынан...

Оюндун про­граммасында спорттун 40 түрү боюнча 462 ме­даль ойнотулат.

Деген менен...

Э л а р а с ы н д а , с п о р т ы ш к ы ­б о з д о р у н у н ичинде «Кы­р г ы з с т а н ­дык спортчу­лар үчүн Азия оюндары чоң с ы н о о б о л у п , андан араңөтүп, жылдан жылга дең­гээл төмөндөп бара жа­тат»-деген пикирлер да ай­тылып келет. Эгер андай бол­со анын толтура сепептери бар. Ошентсе да учурда Индонези­яда жүргөн Кыргызстандын ар бир спортсменине каалаганы­быз-жеңиш! Азиянын жылдыздары болгула дегибиз келет.

Булак: «Айгай-пресс»

Последние новости