www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1997-жылы мектепти бүттүм. Классташтарымдын баары окууга өтүп кетишти, мен калдым... Бирок, көп узабай шаарга жол тарттым. Новопавловкада Карыбек жездемдин жумушун жасап, анан Арча-Бешикке стройкага кирдим. Үй салып баштадым, ошондо эле жакшы шыбачумун. Мелтирете.

Акча топтой баштадым. Кийинки жылы окууга өтүү үчүн тырышып, контрактын акчасын чогулттум... Калчылдап иштейбиз да, курулуш... Жаза тайып, кышында эки бөйрөгүмө суук тийип, ооруп калдым. Акчамдын баары дарыга кетти. Шелпейип, кайра айылга келдим. Кийинки жылы үйдөгү жалгыз уйду энем байкуш сатып, окууга өткөрдү. КГНУ, филфак. Контракт бөлүмүнө. №5 жатаканага чыктым. Ал жактан балдар менен мушташып, комендант Гуля эже кууп жиберди. Көчөдө калдым. Кайра эле суук тумшуктай болуп Карыбек жездемдин үйүнө бардым. Новопавлокада жашап калдым.

Университетте Базакечовдун залына барам, күрөшөбүз. Бир күнү 4-курстун балдары келип, салык салышты. Мен каршы чыктым. Балжа-булжа мушташып, ал жактан да куулуп кеттим... Ала Тоо конушу менен Новопавловканын ортосунда свалка бар эле. Темир, жез, алюминий казышчу. Анда рекетчилик күчтүү заман, карапайым жумушчуларды эзип, кордоп, тапканын тартып кетишчү.

Бир күнү чыдабай, ошол рекеттерге элдин көзүнчө кол салып, жаңжал чыгардым. Жумушчулар мени колдоп кетишти. Эрдемсип, лидер болуп, ошол аймакка “крышевать” эте баштадым. Жумасына 700-1000 сомго чейин “отметка” кылышат. Ал кезде жакшы эле акча болчу... Баса, ошол учурда Киркомстромдун диско-клубун күрд балдар кармайт экен. Сүрүп чыктык. Балдарды топтоп, үйрөнүп калгам да...

Ошентип, атым чыга баштаган. 2-курсмун, 99-жыл, адаттагыдай эле кечинде свалканы карап, элдин арыз-муңун угуп жүргөм. Бир маалда жоон топ балдар келишти, жакалаша кеттик. Башка темир менен чаап жиберишти, от чагылыша түштү. Эсимде жок. Көмүп кетишиптир. Бир маалда эсиме келип, топуракты каза баштадым. Жан таттуу экен, тирилип кеттим. Тоңуп калыптырмын, эки бөйрөгүм сыздап, сийе албай калдым. Салмагым 93 кг болчу, 63кө түштүм. Оорунун азабын тарттым... Ал ортодо сүйгөн кызым мени таштап кетти. Ызаландым. Эч кимге керегим жок болуп, ээнсиреп жүрдүм. Бирок, кайра чыйралдым...

(Уландысы бар)

Асланбек Сартбаев, “АЗИЯnews” гезитинин башкы редактору

Булак: NazarNews.kg

Последние новости