www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жеке менчикке өтөт экен" деген кептер тараганын кулагыбыз чалган. Бүгүн дагы бир окурманыбыз бул мекеме чын эле жеке менчикке өтөөр же өтпөсүнүн чын-бышыгын тактап берүү өтүнүчү менен NazarNews.kg маалымат агенттигине кайрылып, "Жаңы келген төрага паспортстолду  “жеке менчикке өткөрөт” деген сөз тарады. Жарандардын купуя өздүк маалыматы жеке менчикке өтүп кетсе боло береби? Анда мамлекеттик купуялуулук кайда калат? Бул суроого ким жооп берет? Өкмөтпү?",-деп суроо салган болчу.

Бул тууралуу аталган кызматка биздин редакция байланышканда: “Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы жетекчи дайындалышы менен мекеме жеке менчикке өтөт деген маалымат чындыкка жатпайт. Ишкананы жеке менчик башкарууга берүү мамлекеттик башкаруунун негиздерине такыр дал келбейт”,-деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости