www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын Мещан райондук соту тарабынан Кыргызстандын алты жараны экстремисттик уюм түзүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.
“Сот 17-мартка чейин Кыргызстандын алты жаранын камакка алды. Алар-Айбек Мамажунусов, Мурзы Кушуев, Айбек Халматов, Асан уулу, Калбаев Артык, Козонов Алтынбек. Алардын баары экстремисттик уюмду түзүү боюнча шектелип жатат”,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ТАСС маалымдагандай, атайын кызматтын кызматкерлери менен Россиянын ИИМи менен биргеликте Москванын жана Москва облусунун территориясынан “Таблиги Жамаат” диний-экстремисттик уюмдун бир клеткасын табышкан. Алар Борбор Азиянын жергиликтүү тургундары болуп чыккан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Таблиги Жамаат” идеологиясын жайылткан үч башчы жана төрт уюмдун активдүү өкүлү кармалган. Алар ошондой эле жаңы тарапташтарды өзүнө тартуу иш-аракеттерин көрүшкөн.
Кармалгандардын жашаган жеринен экстремисттик адабият, анын ичинде Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин федералдык тизмесине киргизилген экстремисттик материалдар жана уюмдун тыюу салынган атрибуту да бар.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: NazarNews.kg