www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күнгө жетпей билинип калган заман. Мына Асман шаарынын айланасындагы күмөндүү, алешемдик жагдайлардын сыры бир жумага жетпей ачыкка чыга баштады.
Президент Садыр Жапаров 30-июнда Асман шаарына капсула салып, инвестор дегендер шаарга эмне курушаарын презентация кылышкан. Бирок коомчулукта курула турган шаардын долбоору боюнча коомдо катуу сындар айтылып, ар кайсы мамлекеттеги курулган мекемелердин сүрөтүн чаптап көз будамалоо аракети болгону айтылган.
Ал түгүл окумуштуу, философ, Манас таануучу Гүлзат Аалиева инвесторлор деп сүрөткө түшкөндөрдүн арасындагы Пакистандык жигит менен Нигериялык инвестор анын студенттери экенин жазып, "Асман шаарына инвестор болгондор АКШ менен Европадагы, же Япония менен Малайзиядагы кымбат ЖОЖдорду эмес, Кыргызстандын медициналык окуу жайларын тандап алышкан", - деп, Кыргызстанда окушкан карапайым студенттер ири инвестор катары жумурай журтка тааныштырылганына таң калган.
Коомчулуктагы мына ушундай сындардан көп өтпөй, Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын башчысы Руслан Акматалиев өзү "Биздин идеябызды өлтүрүштү!", - деп нааразы болгон пикирин айтып чыкты.
Асман шаарын салчу адам Фейсбуктагы баракчасына: "Өкүнүчтүү, биздин идеябызды бүт өлтүрүштү. Долбоорду этникалык стилде, комузду пайдалануу менен жасаганбыз. Бул бизди дүйнө жүзүнө цивилизациялуу, өнүгүп келе жаткан өлкө катары көрсөтөт деп ниет кылдык эле”, — деди ал.
Булак: NazarNews.kg