www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астана кытайлык казак Сайрагүл Сауытбайга качкын макамын берген жок. Бул тууралуу аны жактоочусу Абзал Куспан билдирди.

Сауытбайдын арызын 4-сентябрда миграция боюнча комитеттин атайын комиссиясы караган.

- Комиссия курамында ТИМ, ИИМ жана башка казакстандык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. Мен чечим күтүүсүз болду деп айта албайм. Комиссия отурмунун протоколун 8-октябрда алам. Мен БУУнун Качкындар иштери боюнча комитетине кат жаздым. Эми БУУнун Кыйноолорго каршы комитетине жазам. Алардан Казакстанга нота жөнөтүүнү сурайм. Бул нота аркылуу Казакстан Сайрагүл Сауытбайга качкын макамын бериши мүмкүн. Сайрагүл Казакстанда алты айга шарттуу кесилди го. Бул жазаны ал Казакстан аймагында өтөшү керек. Комиссиянын чечимин сот аркылуу талашпайм, - деди Абзал Куспан.

Апрель айында Кытайдан качып келген Сайрагүл Сауытбай Алматы облусундагы Байдибек айылында күйөөсү жана балдары менен жашап жаткан. 42 жаштагы Сауытбайды Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 21-майда кармаган. Ага "Хоргос" чек ара бекетинен "мыйзамсыз өткөн" деген айып коюлган. Сотто Сайрагүл Сауытбай Синьцзяндагы улуттук азчылыктар кармалган саясий тарбия берүүчү лагерде иштегендиктен, бийлик аны өлкөдөн чыгарбаганын, эгер Кытайга кайтса кыйноолорго кабылып, атүгүл өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан. Астана аны Пекинге өткөрүп берүүдөн баш тартып, бирок чек ара мыйзамдарын бузганы үчүн алты айга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Булак: "centralasian"

Последние новости