www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Майдан айыл аймагынын жашоочулары, кен байлык дагы Кудайдын берген ырыскысы. «Паадышанын өкүмү аткарылууга жатат (Өкүмү пааша важип)» деген боюнча Майдан айыл аймагында жайгашкан кен байлыктарда сиздин, балдарыңыздын, жалпы эле Майдан айыл аймагында жашаган адамдардын Кудай берген ырыскысы бар. Ушул Сиздин, балдарыңыздын ырыскысы бар кен байлыктар боюнча Сизге маалымат берип кетели. Майдан айыл аймагында 100 000 000 тоннадан ашык көмүр кени, 300 тоннадан ашык алтын кени, 500 тоннадан ашык жездин кени, эсеби такталбаган темир, күмүштүн,. цементтин сырьесинин кендери жайгашкан.

Ушул Сиздин, балдарыңыздын, жалпы эле Майдан айыл аймагында жашаган адамдардын Кудай берген ырыскысы бар кен байлыктар бүгүнкү күндө айрым бир акмак адамдар тарабынан таланып-тонолуп жатат.

Тактап айтканда:

1. Бел-Алма көмүр кенинде 86 000 000 тонна көмүрдүн запасы бар. Күнүгө миң тонна көмүр казылса 250 жылга жетет. Демек Бел-Алма көмүр кенинде Сиздин, балдарыңыздын, жалпы эле Майдан айыл аймагында жашаган адамдардын Кудай берген ырыскысы эле эмес, небере, чебере, гыбыра, шыбыра ж.б. онунчу муунга чейинкилердин Кудай берген ырыскысы бар. Ушул Кудай берген ырыскы Сизге, балдарыңызга, жалпы эле Майдан айыл аймагында жашаган адамдарга тийип жатабы. Жок!!!

2. Ничке алтын кенинде 80 тонна алтындын запасы бар. Алтындын кору борпоң кыртыш түрүндө жер бетинде жайгашкан. 2014-жылдан бери карай Авустамдын Өөн участкасындагы алтын корун М,Р.Курмушуевдин, Т.Ж.Топчубаеванын демилгеси менен Жалал-Абадка ташып кетишкенден бери карай уурулукча капка салың ташып, Улуу-Тоодо кытайлардын цехинде иштетип жатышат.

Эгер кайдыгер болбосоңуз, Кудай берген ырыскыдан кечпесеңиз ушул Сиздин, балдарыңыздын, жалпы эле Майдан айыл аймагында жашаган адамдардын Кудай берген ырыскысы эле эмес, небере, чебере, гыбыра, шыбыра ж.б. онунчу муунга чейинкилердин Кудай берген ырыскысы боюнча 2018-жылдын 27-октябрында өтүүчү тынчтык жыйыныга Кара-Жыгач айылык келип катышууңузду суранабыз!!!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости