www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 12-13-июнда өтөт. Бул тууралуу РИА Новоси Сириянын Орусиядагы элчиси Рияд Хаддадга шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка караганда, Дамаск делегациясы чакыруу алды.
Сирия оппозициясы бул сүйлөшүүлөргө катышар-катышпасын чече элек.
4-майда Астанада Орусия, Түркия, Иран өкүлдөрү Сириянын согуш жүргөн төрт аймагында коопсуз зона түзүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Сирия оппозициясынын бир бөлүгү Тегерандын бул документке кол коюшуна макул болбой, каршылык иретинде сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетишкен.
Сириядагы жаңжалда Иран менен Түркия Башар Асаддын күчтөрүн колдосо, Түркия алардын атаандаштарын кубаттайт.
2011-жылдан бери Сириядагы жарандык согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды.
Булак: "centralasian.org"