www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист СДПК партиясынын депутатына суроо берет:

– 5 жыл ичинде Атамбаев президент болгону кандай жакшылыктар болду?

– Көп ийгиликтер болду. Маселен, мурда шоопурлар ГАИге баш ийчү эле, азыр ГАИ, таможня, министр-синистр, депутат-жепутаты баш болуп Шоопурга баш ийип калышты.

* * *

Журналист В.Путинден сурайт:

– Сиз кийинки мөөнөткө шайлоого барасызбы?

– Аны командам менен макулдашып, анан жооп айтам.

Назарбаевге кайрылса, ал:

– Муну референдумга салып, эл менен кеңешейин, эл чечет.

Журналист Атамбаевге кайрылышат:

– Сиз кийинки мөөнөттө президентикке барасызбы?

Ал бир аз ойлонуп, анан эч себепсиз эле жалжаңдап күлүп:

– Шоопурум менен сүйлөшүп көрөйүн, ошол кандай айтса, ошондой, – деген экен.

* * *

2017-жыл. Февраль. КТРК «Ала-Тоо» программасынын диктору:

– Алтынчы чакырылыштагы Жогоку Кеңеш таркап, жетинчи чакырылыштагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жалаң шоопурлар партиясы жеңишке жетишти. «Иномарка айдагандар» партиясы менен «Фура айдагандар» партиясы башкаруучу коалицияга кирип, «Таксисттер» партиясы оппозицияда калды. Бирок ажонун мурдагы шоопуру күндүз коалицияга, түңкүсүн оппозицияга лидер болуп шайланды.

Күн тартибине үч маселе коюлду:

  • Шоопурлар күнү – жалпы улуттук майрам болуп таанылсын;
  • Желектен түндүктүн элеси алынып, ордуна рулдун сүрөтү коюлсун;
  • Ал эми И.Илмияновдун шоопуру ким болот деген маселе талаш-тартыш жаратып, добуш берүүдө И.Өмүркулов – 33 добуш, К.Исаев – 33 добуш жана бриллиант галстук кийип келгенине карабастан Ө.Бабанов дагы 33 добуш алды. Күрөш уланууда.

Ө.Текебаев менен А.Шыкмаматов болсо ГАИге ишке орношконго арыз беришти.

Иши жок калган экс-депутаттар болсо жаңы келген депутаттарга шоопур болуп иштеп жүрүшөт.

* * *

6 жашар Асан 70 жаштагы чоң атасына кайрылат:

– Чоң ата, мен чоңойгондо министр болом.

– Ой, азыр министр эчтеке чечпейт.

– Анда мен депутат болоюнбу?

– Жок, алар деле референдум бүткөн соң эч нерсени чече албайт.

Анда небереси сурайт:

– Анда ким болоюн?

– Ажого шоопур болосуң.

– Өзүн ташыймбы же акчасын ташыймбы?

– Экөөсүн тең ташыйсың.

Булак: oshakir.hostenko.com

Последние новости