www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюу маселесин парламентте кароону сунуштайт. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, фракция Бишкек шаарынын мэри бул маселе боюнча депутаттарга маалымат бериши керек деп эсептейт.
Бишкек шаарынын бийлиги Токтоналиев көчөсүнүн жээгиндеги 140тан ашуун түп бак-даракты кыюу чечимин кабыл алган. Муну аталган көчөдөгү жолду кеңейтүү чечими менен түшүндүрүшкөн.
2-июнда бак-дарактарды кыюу башталганда Бишкектин бир нече тургуну каршылык билдирип чыккан эле.
Нааразылык акциясына чыккан он кишини милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон.Ошол эле учурда кыйылган бактарга жергиликтүү тургундар аза күткөн тасма тараган.
Булак: "centralasian.org"