www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанада сот аткаруучулар үйүн коргоо үчүн президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн дубалга илип алган Несипкүл Уябаеванын тамын бузууга келишти.

Анын коңшусу Гүлжазира Маданованын айтымында, полициячылар үйдүн эшигин лом менен бузуп киришкен. Несипкүл алардын аракетине жолтоо болуу үчүн каалгага бензин чачып, кокустан колун күйгүзүп алган.

Полиция кызматкерлери резинка союлдар менен келишип, башында журналисттердин иштөөсүнө жолтоо болушкан.

Уябаеванын үйүндө жети киши жашайт, алардын экөө - кичинекей бала. Жергиликтүү бийлик компенсация иретинде алгач 400 доллар сунуштаган, кийинчерээк бул сумма 4,7 миллион теңгеге өскөн. Бирок үй ээси бул акчага башка турак-жай сатып алуу мүмкүн эмес экенин билдирүүдө.

21-апрелде президент Нурсултан Назарбав эл аралык “ЭКСПО” көргөзмөсүнө даярдыктар боюнча жыйында калаанын борборунда шаардын көркүн бузган эси үйлөрдүн турганына ачуусу келген.

Булак:"centralasian.org"

Последние новости