www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-майда, КСДП фракциясы «Улуттук холдинг» ачык акционердик коомун түзүү боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун карап, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун отчетун угуп, сынга алышты.

Депутат Анвар Артыков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун «Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин адистиги төмөн, ошондон улам натыйжалуу иштей албай жатат» деген сөзүн эске салып, ошондой начар жетекчилерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өзү дайындап жатканын айтты. «Начар жетекчилер жеп-ичип, бүт мүлкүн чачып жатса, каяктан киреше алып келмек эле», - дейт ал.

Осмонбек Артыкбаев мамлекеттик ишканалардын ишин жакшыртуу үчүн адегенде атайын программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. «Көп жылдардан бери эле андай кылыш керек, мындай кылыш керек» деп келебиз, азыркыга чейин жылыш жок. Алтургай, мамлекеттик ишканалардын баасы да так аныктала элек. Ишканаларды капиталдаштырып, алардын наркын көтөрүү керек», - дейт эл өкүлү.

Ал эми фракция башчысы Иса Өмүркулов мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо чаралары жакында эле башталганын, ага чейин мамлекетке караштуу ишканалардын мүлкү –таланып-тонолуп, карыздары гана калганын баса белгиледи. «Улуттук холдингди түзүү – жакшы идея, бирок аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду башкарабы же Экономика министрлиги башкарабы? Экономика министрлиги ишканаларды өнүктүрүү менен эмес, аларды банкротко учуратуу менен алектенип калды, анан каяктан өсүү болот. Минтип отурсак, кирешелүү компаниялардын баары талкаланып бүтөт. Бул маселе боюнча Экономика министрлигинин маалыматын угуш керек», - дейт депутат.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости