www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү журналист Ирина Бекетова киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Азаттык жазып чыккан.

Полиция 34 жаштагы жергиликтүү тургун кылмышка шектелип жатканын билдирди. Полициянын басма сөз кызматы 37 жаштагы журналисттин сөөгү өзү жашаган үйдүн жанынан табылганын маалымдады.

Полициянын басма сөз кызматы “шектүүнү кармоо боюнча чара көрүлүп жатканын” "Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери Ирина Бекетова 12 жылдай “Казакстан темир жол жарчысы - Железнодорожник Казахстана" гезитинде эмгектенип жүрүп, соңку айларда Nur.kz. интернет сайты менен кызматташа баштаганын жазышты.

Журналисттер маркумдун үй-бүлөсүнө жардамга каражат топтой башташты. Бекетованын артында төрт баласы калды, анын бири Даун синдрому менен жабыркайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости