www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  25-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Сиздерге Улуу тоолорду мекендеген, миң жылдан ашык тарыхы бар, эркиндикти сүйгөн байыркы кыргыз элинин атынан ысык салам жолдойм!

Бириккен Улуттар Уюмунун бийик трибунасынан менин өлкөмдүн көз карашы боюнча бышып жетилген жана биргелешип чечүүнү талап кылган улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги көйгөйлүү проблемаларга токтолгум келет.

Кыргыз Республикасынын атынан БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын бардык катышуучуларына салам жолдоого уруксат этиңиздер.

Дүйнө жүзүндөгү глобалдык саясий, экономикалык жана экологиялык кырдаал тез өзгөрүүдө.

Дүйнөлүк саясатта регионализм тенденциясы күч алууда. Баалардын өсүшү, өтүмдүүлүктүн жетишсиздиги жана экономикадагы санкциялар «согушу» уланууда.

Терроризм жана экстремизм коркунучу бардык өлкөлөрдү кучагына алды.

Экологиялык тең салмактуулукту сактоо бүт планетанын глобалдык милдетине айланды.

Бул проблемалардын кайдан келип чыккандыгына карабастан, алар баарына, өзгөчө ачык экономикалуу чакан мамлекеттерге тийиштүү болуп калды.

Кыргызстан үчүн бул процесстер сезилерлик болду.

Ошондуктан бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун бардык адамдар үчүн актуалдуулугун, ошондой эле глобалдык лидерлик жана тынч, адилеттүү жана туруктуу коомдор үчүн биргелешкен жоопкерчиликти Башкы Ассамблеянын аянтчасында талкуулоо абдан өз убагында өтүүдө деп эсептейм.

БУУнун бийик трибунасынан пайдаланып, биздин өлкөнүн позициясынан актуалдуу деп эсептелген улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги маселелерди белгилеп кетейин.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

2017-жылы бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолунда илгери адымдоосуна бекем негиз салды.

Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бар.

Бул орто мөөнөттүк болочокко карай алдыбызга амбициялуу максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Кыргызстан өлкөдө парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөйт.

2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо муну дагы бир ирет ырастайт.

Парламенттик демократия биздин коомдун табиятына шайкеш келерине биз терең ишенебиз.

Коррупцияга каршы күрөш Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон калууда.

Бүгүн биздин алдыбызда эртеңки күндүн талаптарына ылайык саясий модернизациялоо жана экономиканы өнүктүрүү милдеттери турат.

Биринчи кезекте биз сот-укуктук реформаны ишке ашырууну жана күч структураларын кайра уюштурууну көздөйбүз.

Региондорду өнүктүрүү — Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн кепили жана  өлкөбүз үчүн эң актуалдуу маселе боюнча калууда.

Ошондой эле биз өлкөдө инвестициялык жагымдуу кырдаалды түзүү милдетин коюп, маалыматтык коом, адилеттүү жана ачык  мамлекеттик башкарууну  калыптандырууга кириштик.

Кыргызстан мамлекетти өнүктүрүүдөгү демократиялык принциптерди ырааттуу түрдө бекемдөө ишин улантат.

 Мамлекеттик башкаруу ар бир адамдын муктаждыктарына, анын укуктарын, эркиндигин жана коомдогу адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган.

Жогоруда айтылган бардык орто мөөнөттүк реформалар Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген.

Узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболору БУУ-2030 Глобалдык Күн тартибинин бардык талаптарына жооп берет.

Ушуга байланыштуу биз Кыргызстандын өнүгүү үчүн аракеттерин БУУ жана өнөктөш өлкөлөр мындан ары да колдойт деп үмүттөнөбүз.

Кыргызстан БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын жактоочусу бойдон калат.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Борбор Азия өлкөлөрүндө кызматташуунун бардык спектрин       бекемдөөгө биз региондогу эле эмес, дүйнөдөгү тынчтыкты камсыз кылуунун маанилүү фактору катары карайбыз.

Биздин кызматташтык динамикалуу мүнөзгө ээ болуп, принципиалдуу жаңы деңгээлге көтөрүлгөнү кубандырат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары салтка айланып калды.

Кыргыз Республикасы үчүн сууну пайдалануу маселелери өтө маанилүү.

Акыркы он жылдагы Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы  ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгын көрсөтүп жатат.

Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу региондогу бардык мамлекеттерди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чаралардын системасы менен аныкталышы керек деп ишенебиз.

Ошондуктан Кыргызстан Борбор Азияда бул чөйрөдө экономикалык жактан өз ара пайдалуу механизмдерди иштеп чыгууну жана  ишке киргизүүнү жактайт.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргыз тарап кызматташтыкты жана ар тараптуу диалогду бул маселелерди чечүүнүн бирден бир жана альтернативасыз жолу катары карайт.

Бул контекстте биз ошондой эле КМШ, ШКУ, ЖККУ жана ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелердин да өзгөчө ролун жана жаңы миссиясын көргүбүз келет.

Бүгүн обочолонуу саясатын жеңип чыгуу жана кызматташтык менен өнөктөштүк векторлорун өнүктүрүү өтө орчундуу болуп турат.

Урматтуу төрайым!

Бир дагы өлкө терроризм жана экстремизм коркунучтарынан толук камсыздандырылган эмес.

Эл аралык коомчулук бул терс көрүнүштөр менен жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адамдарды жана курал-жарактарды сатуу, арам жол менен табылган акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу көрүнүштөргө каршы биргелешкен күч-аракеттер менен активдүүрөөк күрөшүүсү зарыл.

Бул наркотрафиктин огунда жайгашкан биздин өлкө үчүн өтө маанилүү.

Тилекке каршы, бул жаатта эл аралык коомчулук көрүп жаткан чаралар жетишсиз бойдон калууда. 

Региондун жалпы бул проблемасын чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Кыргызстан  БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын натыйжалуу ишке ашырууга  берилгендигин ырастайт жана Биргелешкен аракеттенүү планды колдойт.

Коопсуздукту камсыз кылуу, кызматташууну бекемдөө жана ыкчам маалыматтар менен алмашуу маселелеринде региондогу мамлекеттердин күч аракетин координациялоо зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2022-жылга чейин экстремизмге жана терроризмге каршы туруу боюнча Программасын бекиткен.

Бириккен Улуттар Уюмуна  Борбор Азия өлкөлөрүнө  терроризмге жана наркотрафикке  каршы күрөштө көрсөткөн  финансылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирем жана  коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде  өнөктөштөрдүн мындан аркы дагы колдоосуна үмүттөнөбүз.

Туруктуу өнүгүүгө өтүү — табыгий экосистемаларды жана айлана чөйрөнү калыбына келтирүү. 

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн экосистемалар жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары эсептейт. Париж макулдашуусуна кол коюу менен биз бул глобалдуу көрүнүштү болтурбоо боюнча милдеттенме алдык.

Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө жана суу ресурстарына  барган сайын көбүрөөк таасир этип, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын көбөйүшүнө өбөлгө болууда.

Бул  Кыргызстандагы тоолуу региондордун болочокто гүлдөп өнүгүшүнө карай кетчү жаңы жолдорду талкуулоо максатында уюштурулган төртүнчү Дүйнөлүк тоолор форумунун негизги темалары.

Экология чөйрөсүндө регионалдык мүнөздөгү негизги тема — совет доорундагы радиоактивдүү өнөр жайынын мурасы — уран калдыктары.

Бул проблеманы чечүү үчүн Кыргызстан  бир катар эл аралык конференцияларды өткөрдү. 27-сентябрда биз уран иштетүү ишмердигинин коркунучтарына арналган иш чара өткөргөнү жатабыз.

Уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча аракеттердин жаңы этабына чыгуу максатында Кыргызстан   2013-жылдагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Борбордук Азияда радиациялык коркунучту болтурбоодо эл аралык коомчулуктун ролу» Резолюциясын  жаңылоо демилгеси менен чыгат.

Жагдайдан пайдаланып, өлкөбүзгө бул проблемаларды чечүүдө олуттуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиргим келет.

Жогоруда белгиленген проблемалар бардык мамлекеттердин жана глобалдык, регионалдык  институттардын биргелешкен  аракетин талап кылат.

Учурдун чакырыктарына жана коркунучтарына төп келгидей принципиалдуу жаңы эл аралык механизмдерди калыптандыруу зарылчылыгы бышып жетилди.

Биздин Уюм  өзгөрүүлөргө муктаж, ал учурдун, азыркы реалдуулуктун талаптары.

Бул реформа универсалдуулук, кеңири географиялык камтуу принциптерине негизденип, БУУнун мүчө-мамлекеттеринин кеңири колдоосуна ээ болууга тийиш.

Кыргызстан  тынчтыкты, глобалдык  коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча БУУнун жалпы иштерине  өз салымын кошууга умтулууда.

БУУнун жана дүйнө коомчулугунун чакан мамлекеттердин проблемаларына көңүл буруу максатында   Кыргызстан 2027-2028-жылдары  БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз  талапкерлигин көрсөттү.  

БУУнун Коопсуздук Кеңешине мурда шайланбаган өлкөлөрдүн колдоосу  мүчөлөрдүн тең укуктуулугуна ишенимди арттырып, Уюмдун кадыр-баркын арттырат жана ага ишенимди бекемдейт. 

Кыргызстан БУУну кадыр-барктуу жана универсалдуу эл аралык уюм катары эсептейт.

Тынчтыкты, стабилдүүлүктү, маданий көп түрдүүлүктү жана толеранттуулукту сактоодо маданий аралык диалогду тереңдетүү   салмактуу фактор экендигин баса белгилеп коюу зарыл.

Бул туурасында  ысымы дүйнөгө таанымал Чыңгыз Айтматов өз чыгармаларында   таасын жана таланттуулук менен жазган.

Жазуучу  тынчтыкты жана түрдүү элдер ортосунда маданий алаканы сактоого олуттуу салым кошкон.

Быйыл Кыргызстан жана дүйнө элдери Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин белгилеп жатат.

Кыргызстандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын үзгүлтүксүз негизде өткөрүү демилгеси  БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан таанылды жана колдоо тапты.

Көчмөндөр оюндары азыркы дүйнөнүн татаалдыгына жана карама каршылыгына карабастан, планетанын элдери биримдикке жана жаратмандыкка умтулаарын көрсөттү.

Кымбаттуу мекендештерим!

Эгемендикти эң бийик дөөлөт катары аздектеп, эркиндикти көздүн карегиндей сактаган элибиз дүйнөлүк коомчулукта татыктуу ордун тапты. 

Кыргызстаныбыз эл аралык аренада эгемен мамлекет катары таанылды.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу, гуманист Чыңгыз Айтматов «Адамга биримдикте жашоодон өткөн дөөлөт жок», — деп айткан. Анткени, дүйнөнү биримдик, ынтымак гана сактап калат!

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги кепилдиги — элибиздин биримдигинде. Коомдогу улуттар аралык достук, ар бир жарандын өлкөнүн тагдырына жооптуу мамилеси ийгиликтин негизи  болот.

Биздин келечегибиз, биздин бактыбыз — Кыргызстандын көз карандысыздыгында, элибиздин ынтымагында!

Жаратканым Кыргызстаныбызга, элибизге, жерибизге, мээримин төгүп, жерибизде ар дайым тынчтык болсун!

Өлкөбүздүн ар бир атуулуна ден-соолук, ийгилик, бактылуу жана бакубат жашоо каалайм.

Жашасын эгемендүү, эркин Кыргызстаным!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости