www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кырсыктан арылбаган кыргыз армиясы

Кыргыз армиясында жоокер өлүмүнө байланыштуу соңку окуя мындан туура бир ай мурда катталды. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №82212 аскер бөлүгүндө куткаруу отрядында кызмат өтөп жаткан Мирлан Доолбек уулу 13-августта сууга агып кеткен жана сөөгү бир күндөн кийин табылган. Кырсык төрт жоокер командири менен чогуу Нарын дарыясына чөгүп кеткен адамды издөө маалында болгону кабарланган.

Маркум жоокердин апасы Нуржамал Батыралиева аскер жетекчилерин уулунун кырсыкка учураганын дароо кабарлаган эмес, жаап-жашырган, кайдыгер мамиле жасаган деп айыптап келет:

​- Балам сууда сүзгөндү жакшы билчү. Жаштайынан машыгып, тоого бутуна баллон байлап секирип чыгып, колуна таш кармап эртең менен чуркайт эле. Чымыр денелүү, бою 185 сантиметрден ашкан бала кантип эле өзү сууга чөгүп кетсин? Мен буга ишене албайм. Суудан чыгарган соң оозу-мурдунан кан агып, денеси шишик алган эмес экен. Баламды издеп жатканын биз башка туугандарыбыздан билдик. 13-августта сууга чөксө, биз 14-августта угуп, туугандар ошол жакка барышкан. Командирлери алгач "уулуңар качып кетиптир" деп айткан. "Кийимдери суунун жээгинде жатса, жылаңач качып кетмек беле?" деп айтса, тамашалап "кыздарга кеткен окшойт" деп коюшуптур. Анан туугандар ошол жерде дароо Таш-Көмүр шаардык милиция бөлүмүнө телефон чалышкан. Алар "бизге кабар болгон эмес" деп ӨКМге чалышса, "сууга чөккөн адам боюнча кабар келип түшкөн эмес" деп жооп беришкен. Агамдар "ӨКМдин кызматкерлери менен командирлерин сабап салабыз" деп атайылап милицияга чалган учурда гана алар жетип келишкен. Ошентип уулумдун сууга чөккөнүн алар жашырып турушту. Бул жерде командирлердин жана аскердик бөлүктүн жетекчилигинин кайдыгер мамилеси өлүмгө себепкер болду.

Отряддын командиринин милдетин аткаруучу Элдияр Кудабаев маркум жоокер куткаруу учурунда эмес, сууга түшүп жатканда агып кеткен деп билдирген:

- Аскердик бөлүктүн төрт жоокери аларга топ башчылык кылган майор Асанбаев Алмаз менен бирге суучулдарга көмөк көрсөтүү максатында келишкен. 13-августта куткаруу иштери аяктап, артка кетип жатканда жоокерлер "сууга чөмүлүп алалы" деп уруксат сурашкан. Андан соң жоокерлер Нарын дарыясына чөмүлүшкөн. Кечки саат алты чамасында Мирлан Доолбек уулун суудан же кургактан таба албай калышып, өз алдынча издешкен. Анан дароо мага байланышып, биз да келип издөө иштерин алып барганбыз. Аны менен бирге жүргөн жоокерлер да кайда чөккөнүн билбей калышканын айтып жатышат. Азыр ага жоопкерчиликти топ башчы экөөбүз алып жатабыз.

Мирлан Доолбек уулунун өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана жыйынтыгы эмгиче чыга элек. Окуяны аскер прокуратурасы териштирип жатат.

Таш-Көмүр шаарындагы бул аскер бөлүктө андан эки айдай мурун жоокерлер токмок жеген факт катталган. 10-июнда таңга жуук 20дан ашык катардагы жоокерди прапорщик ойготуп алып уруп-сабаганы, тогуз баланын ээги жарылганы аныкталган. Сабалган жоокерлер арыз жазуудан баш тартканы менен окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогону маалым болгон.

Өткөн айда Жалал-Абадда жоокерлерге байланыштуу дагы бир чуулгандуу окуя катталган. Майлуу-Суу шаарында №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Руслан Сапарбаев 8-августта токко урунуп, эки колунан ажырап калды. Жоокердин апасы Венера Сейталиеванын айтымында, уулунун абалы оор, бирок туруктуу, дагы операция жасалышы мүмкүн.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү деген мазмундагы билдирүү тараткан. 1996-жылы туулган жоокер бир күндүк нөөмөт учурунда тыюу салынганына карабай электр көмөк чордонунун аймагына кирип алган деп билдирген. Бирок азыркыга чейин жоокердин кандай жагдайда токко урунганы тууралуу так маалымат жок.

Кырсыктаган жоокерге “Кылым шамы” укуктук уюму жардам көрсөтүп жатат. Анын жетекчиси Азиза Абдирасулованын пикиринде, кырсыкка жетекчиликтин шалаакылыгы себеп болушу мүмкүн. Абдирасулова эки колунан ажыраган жоокерди мамлекет өмүрүнүн аягына чейин багышы керек деп эсептейт:

- Бир жолку компенсация менен маселе чечилбейт. Ал армияга барып кырсыктагандардын баарына төлөнөт. Бул болсо өмүр бою майып болуп калды. Баланын өмүрүнүн акырына чейин толук камсыздандырууну мамлекет мойнуна алыш керек. Бул балага эл катары караш керек эмес, трагедиясы таптакыр башка болуп жатат. Ооруканадан чыкканда бара турган жери жок экен, кайда барат? Апасы майып баласын каякка алып барат? Жашай турган жер, үй бериш керек.

Кыргыз армиясындагы кыйраган кыялдар...

Өткөн айда Бишкектин этегиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү Ала-Тоо полигонундагы чуулгандуу окуя тууралуу "Азаттык" биринчи жазып чыккан. Анда №73809 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан үч жоокердин ата-энеси балдарын аскер жетекчилери башка бирөлөргө жалдап бергени, кара жумушка салганы, ур-токмокко алып, мазактап-кордогону, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганы тууралуу арызданышкан.

Бул жоокерлердин бири Бишкектеги Республикалык психикалык саламаттык борборуна да жатып калган. Ал кичирээк кезинде талма менен ооруган, бирок эс тарткандан бери ал дарты такыр кармабай калгынын, бирок армияга келгенден тартып эски оорусу өтүшүп кеткенин "Азаттыкка" айтып берген:

- Кызмат өтөп жатканда прапорщик Жапаров, старшина Орозбаев, ага лейтенант Казыбек уулу ар кандай тапшырмаларды берчү. 10-майдан баштап кампа жыйнадык, ал жактан алюминий чыгарып, саттырды. Башка бирөөнүн арыгын алып барып каздырды. Төрт бала үч күн арык каздык. Мончо салдык. Мени урчу эмес, бирок балдарды урчу. Ургандарын көрчүмүн. Ошолордун кылыгынан жадап кеттим. Келип алып "тоңкулдактар", ал-бул деп ар кандай нерселерди сүйлөйт. Төртөөбүз спортчу болчубуз. "Спортчу болсоңор өзүңөргө спортчусуңар, качып көргүлө" деп автомат менен аткан. Мени атканбы же кандай, так билбейм, бирок ок жаныма келип тийген. Эч нерсе деле болгон эмесмин, бирок коркуп калгам. Бир ай өткөндөн кийин оорум кармап калды. Оорум армияга келгенде эки жолу кармаган. Үчүнчүсүндө аябай катуу кармады. Госпиталга жатып, ал жактан психикалык ооруканага жаткырышты.

Зордук-зомбулук көргөн жоокерлердин ата-энелери бул жагдайга байланыштуу УКМКга жана Аскер прокуратурасына 8-июнда эле кайрылышкан. Бишкек гарнизондук прокуратурасы 18-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча, тактап айтканда "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" боюнча кылмыш ишин козгогон. Жабырлануучулар "тиешелүү органдарга мындан туура эки ай мурун эле кайрылганыбыз менен майнап чыкпай жатат" дешкен. Кордук көрдү деген жоокерлердин биринин апасы уулунун өмүрү үчүн санааркап жатканын айтып берген:

- Май айында балам Кой-Ташта ант берди, ага бардык. Балам мушкер болчу, ар кандай трюктарды көрсөттү, "жакшы турбайбы" деп сүйүнүп калдык. Ант бергенден кийин бир күнгө үйгө уруксат берди. Алып кетип, эртеси кайра алып келдик. 15 күн өткөндөн кийин түн бир оокумда мага чалып, чоочун бир номерге "бирдик жүктөп койгула" деди. "Эми керек болуп жатса керек" деп бирдик жүктөп койдук, эки-үч жолу ушинттик. Бир күнү эле чалып, аллергия болуп жатканын айтып, дары сурады. Дары берип жибердик. Дагы бир күнү эжесине чалып, кулагы, башы ооруп жатканын айтып, "дагы дары жөнөткүлө" дептир. Анан эле тынчсыздана баштадык. Улуураак балам барып кабар алса колунда так бар экен. "Жашырба, баарын ачык айт" деп такып сурай баштаганда "кулагыма уруп жиберди эле, ушинтип кан чыкты" деп ыйлап жибериптир. "Эмнеге аллергия болдуң?" десе: "Чөпкө аллергия болуп, жаман болуп жатам" десе: "Эмнеге аллергия болмок элең?" деп ары-бери сүйрөп урган экен. Күндө эртең менен эки баланы жоон зым менен сабап отургузуп коет экен. Биз эми башка жактарга кайрылбайт деле болчубуз. Бирок баягы күнү балдарыбыз оорубаса деле, эч себепсиз санчастка алып барып асма ийне куюшуптур. Балдарды ооруканага алып баратканда "бизди белгисиз эле жакка алып кетип баратышат" деп кабар беришкен. Биз артынан кубалап барганбыз. "Балдарды бул жакка алып келгенге уруксат берген кагазыңар барбы?" десек, командири аны да көрсөтө алган жок. Бир баланы алып барып, ал психикалык ооруканага жатып калгандан кийин оюңа жаман нерселер кетет экен.

Бул окуяны президент Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлгө алган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге кылдат териштирүүнү, мыйзам чегинде чара көрүүүнү көзөмөлдөөнү тапшырган. Сагынбаев 12-сентябрда маалымат жыйында кылмыш иши дээрлик тергелип бүткөнүн маалымдады.

- Бул факт боюнча тыкыр иликтөө жүрдү. Материалдар аскер прокуратурасына берилди. Жыйынтыгында аскер бөлүктиүн командири ээлеген кызматын четтетилди. Ал эми аскерлерге зомбулук көрсөткөн, аларды колдонгон, уставга жат иштерге барган үч аскер жетекчи кылмыш жоопкерчилигине тартылып, камакка алынды жана тиешелүү айыптар тагылды. Кылмыш иши ушул жуманын ичинде сотко өтөт жана тиешелүү чечим чыгат.

Түрмө кайтарган жоокерлер арасындагы жоготуу

Быйыл жайында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт департаментинде жоокерлер өзүн өзү атып алды делген удаа-удаа үч факт катталды.

6-июнда Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. Түрмө жетекчилери муну “суицид” деп түшүндүргөн. Каза тапкан жоокер Арзыбек Байсал уулунун жакындары анын өз өмүрүн кыйганынан күмөн санап келишет. Маркум жоокер Арзыбектин бир тууган таякеси Эркин Тагаев тергөөнүн кечеңдеп жатканына да нааразы экенин билдирген:

​- Арзыбек Байсал уулу үч-төрт жашынан баштап, аскерге кеткенге чейин менин колумда чоңойгон. Өзү үч жолу суранып, арыз жазып жатып аскерге кеткен. Зордоп же мажбурлап алып кетишкен эмес. Чекпейт, ичпейт, акыл-эси жайында, спорт менен машыкчу. Арзыбек ал тургай аскерге даярдык боюнча республикалык таймашта курал чогултуудан экинчи орунду алган. Анан ушундай бала өзүн-өзү атып алды дегенге ишенбейм. Жээним турмуштан кыйналган эмес, бирөөгө таарынса дароо мага чалып, айтмак. Мен окуядан кийин тергөөчүлөргө баарын айткам. Телефондо бирөөлөр менен сүйлөшкөндөрү бар экен, аларын тактагыла деп суранганбыз. Бирок ошону тергеп аягына чыкпай, иликтөөнү кечеңдетип жатканына нааразыбыз. Адам өлсө, бирөөнүн телефону уурдалгандай мамиле жасап, көңүлкош мамиле жасап жатышат.

Мындан бир айга жетип-жетпей, тактап айтканда 13-июлда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында 21 жаштагы жоокер өзүн атып алганы кабарланган. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийип, оор абалда ооруканага түшкөн. Тергөөчүлөр бул фактыны шалаакылык жана кокустук деп сыпатташкан.

Андан кийин Бишкекте түрмө кайтарган жоокердин өзүн өзү атып алган. Жаза аткаруу кызматы Ленин райондук сотуна айыпталуучуларды коштоп келген жоокерлердин бири, 19 жаштагы улан дааратканада өзүнө кол салганын, ошол жерден жан бергенин кабарлаган.

​Жаза аткаруу кызматы өздөрүнө караштуу жоокерлер арасындагы суициддин кыйыр себеби катары бул мекемеге чабалыраак аскерлер бөлүнүп калганы менен байланыштырган:

- Аскер комиссариаты топтогон аскерлер Улуттук гвардияга, Башкы штабга жана башка бөлүмдөргө тандалып кетет. Алардан калган жоокерлер бизге бөлүнөт. Бирок бизге келген балдардын көбү өтө алсыз болуп жатат. Көбүнчө даярдыгы да жок, кат-сабаты да ачылган эмес. Кызмат өтөөгө, жоокерликке даяр эмес балдар болуп калып жатат. Жаштыгы менен физикалык жагын айтпай эле коеюн, моралдык-психологиялык жагы начар балдар келип калып жатат. Ичинде ошондой эле ата-энелери ар кайсы жакка кетип калып, туугандарынын же бирөөнүн колунда өскөндөрү да көп. Ал жерде жүрүп кээ бирлери окубай, көчө таптап да жүргөндөрү болот экен. Мына ушул нерселер да жогорудагыдай көрүнүштөргө алып келүүдө көп роль ойнойт экен. Биз кааласакда, каалабасак да ушул маселелер бар, аны мамлекеттик деңгээлде эске алыш керек деп эсептейбиз, - деген Жаза аткаруу кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова.

Бул маселени укук коргоочу Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго чейин жеткирген. Ал армияга жаңы чакырылган балдарга колуна курал карматып, дароо түрмө кайтартууга каршы:

- Негизи аскерге жаңы келген балдарды таптакыр түрмө кайтартпаш керек. Анткени ал мурда-кийин курал кармаган эмес. Жок дегенде даярдыктан өткөн эмес. Анын үстүнө түрмө кайтаруу - бул өзгөчө иш, ал жер өзүнчө контингент да. Алар жалаң эле түрмөнү эмес, ошол жерде соттолгондорду да тынбай карап турушат. Соттолгондор буларга ар кандай басым жасаса, психологиялык жактан таасир этсе, алар кандай акыбалда болушат? Ошондуктан абактарга келишимдик негизде кызмат кылган, дасыккан гана адистерди жөнөтүп, кайтартыш керек. Мен өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда даяр эмес аскерлерди абак кайтарууга коюуну токтотуу боюнча маселе койгом. Президент "карап чыгам" деп убада берген.

Кыйраган кылмыш иштери...

Ал арада быйыл катталган чуулгандуу фактылар боюнча дээрлик көбү боюнча кылмыш иши козголо электиги маалым болду. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Куватова "Азаттыкка" быйыл эки эле кылмыш иши козголгонун айтып берди:

​- Былтыр "кызматтык абалынан аша чабуу", "чоңсунуу", "өз ара мушташуу" фактылары боюнча сегиз кылмыш иши козголуптур. Аскер бөлүктү өзүм билип таштап кетүү, "дезертирлик боюнча" жоокерлерге 21 кылмыш иши козголуптур. Быйыл алты айда эки кылмыш иши козголду. Бирөө Кой-Таштагы аскер бөлүгүндөгү факт боюнча. Ал эми аскер бөлүктү таштап кетүү, дезертирлик боюнча 13 кылмыш иши козголду.

​Башкы прокуратурадан да, аскер прокуратурасынан да бул макала жазылып жаткан чакта кылмыш иштердин канчасы сотко жеткени, канча аскер адамы жоопко тартылды деген суроого жооп ала алган жокпуз.

“Кылым шамы” уюмдун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны 60тан ашкан жана алардын басымдуу бөлүгү өз жанын өзү кыйган деп айтылган. Адвокат Динара Медетова жоокер өлүмүнө жеткирген окуялар толук иликтенбей, иш сотко жетпей каларын айтып берди:

- Өзүн атып алды, өзүн асып салды деген жоокерлер, суициддин бардык түрлөрү боюнча кылмыш иши козголуп иликтениши керек. Себеби көп учурда үй-бүлөдө жалгыз, талаш-тартышары жок, жашоолору жакшы балдар өлүп калат. Армияда болгон ар бир суицидге мамлекет маани бериши керек. Бизде өзүнүн өмүрүнө өзү кол салды деп эле кылмыш иштери козголбой, жабылып калып жатат. Эч кандай териштирүү болбой жатат. Ошол абалга ким жеткирип атат, кандай шарт түрткү болду деген себептери аныкталбай, жабык бойдон калууда. Негизи аскер жетекчилери ар бир жоокерге жеке керт башчы менен жооп бериши керек эле. Себеби ар бир жоокерди ата-энеси багып, эрезеге жеткирип, мамлекетке кызмат өтөсүн деп жөнөтүп жатат да. Баласынын сөөгүн алган ата-эне "өзү өлдү" деген жоопту угуу менен эле чектелет.

Башкы штабга доомат көп

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев кыргыз армиясындагы терс көрүнүштөрдү бул тармактагы реформанын аксап жатканы менен түшүндүрдү. Башкы штаб Куралдуу күчтөргө баш-көз боло албай жатканын белгиледи:

- Соңку беш-алты жылдын ичинде меселен Чек ара кызматында бир топ өзгөрүүлөр болду. Бирок азырынча чоң реформалар, алдыга койгон максат ишке аша элек. Мурдагы бийлик балким жакшы тилек менен бардыгы бир колдо болсун деп Башкы штаб түзгөн жана Коргоо министрлигинин ролун абдан төмөндөтүп жеберген. Ушунун баары жакшы жыйынтык бербей жатат. Кыргызда "койчусу көп болсо кой арам өлөт" деген сөз бар го. Ошол сыңары командирлер көп болуп жатат.

Быйыл жайында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда Коргоо комитетин кайрадан министрлик кылып түзүү, Башкы штабды жоюу боюнча маселе көтөрүлгөн. Өкмөт башчы күзүндө өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуш менен парламентке келгенде буга байланыштуу оюн айтарын билдирген:

- Мен жакында Беларуска президент менен барганда ал жерде Сергей Шойгу (Орусиянын коргоо министри - ред.) жана башка коргоо министрлери, генералдар турду. Биздики Башкы штаб деп бир барат экен, Коргоо комитети деп дагы өзүнчө барат экен. Ошол жерден биздин деңгээл менен тигилердин деңгээлин, бизге кылган мамилесин өз көзүм менен көрдүм. Мындай терс мамиле бар экен. Мен муну, байкаганымды президентибизге да айттым. "Бул жерде туура эмес болгон" деп Мыктыбек Юсупович да айтып жатат. Муну карап, сиздерге алып келели.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылы 29-майда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктап жатып, кыргыз армиясы ирденип-тирденип калды деген оюн айткан:

- Өткөн чейрек кылым аралыгында кыргыз армиясы бир топ кыйынчылыктарды жеӊип өттү. Азыркы убакта кыргыз армиясы бир кыйла ийгиликтерге жетти. Азыр учурдун талабына жооп бере турган армиябыз түптөлдү деп айтсак болот. Армиянын баркы жогорулап, жоокердик милдетин аткарууну каалаган жаштардын саны өсүп жатат. Күжүрмөн аскердик салттар кайрадан калыбына келип, солдаттар менен офицерлерге карата коомдун сый мамилеси күчөдү.

2015-жылы “Кылым шамы” укук коргоо уюму, Акыйкатчы институту, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор армиядагы адам укуктарынын сакталышы боюнча чогуу иликтөө жүргүзүшкөн. Алар жоокерлердин укуктарын анкета аркылуу изилдешкен. Натыйжада бул тармакта эң негизги көйгөй мурдагыдай эле аскерлер арасында чоңсунуу, зомбулук, уруп-сабоо экени аныкталган.

Булак: "Азаттык"

Последние новости