www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарына иш визитинин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышты.

Азыркы дебаттардын темасы: «БУУну бардык адамдардын кызыкчылыктарына жакын кылабыз: бейпил, адилеттүү жана туруктуу коомдорду колдоодо глобалдык лидерлик жана жалпы жоопкерчилик».

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын (БА) 73-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышынын алкагында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун БА 73-сессиясынын төрайымы Мария Фернанда Эспиноса Гарсес, АКШнын Президенти Дональд Трамп жана башка бир катар дүйнө лидерлери чыгып сүйлөштү.

Жалпы дебаттардын ачылышынан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков делегация башчыларынын урматына БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин атынан уюштурулган расмий кабыл алууга катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрында түштөн кийин сүйлөйт деп күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости