www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус эпидемиясы учуруда Москвадагы ооруканалардын биринде дарыланган жапон журналисти бирге жаткан орустар менен кыргыздар тууралуу төмөнкүдөй мүнөздөмө жазыптыр. Чындыгында Москваны "үйүбүздөй" эле көрүп калган журтташтарыбыз, туугандарыбыз "культур-мультур" жагын көңүлгө ала турган жагдай экен...

Бөлүмдөгү бардык медицина кызматкерлери мага аябай жакшы мамиле кылышты. Бирок бейтаптардын арасында кызыктай адамдар бар болчу. Ооруканада жүргөнүмдө, билимдүү адамдардын берген кеңештерин өз жон-терим менен сездим. Алар: "Эсиңде болсун, орустардын да ар кандай түрлөрү болот", - деп айтышкан.

Чын эле ооруканага жаткандан кийин, мен кошуна чоң палатада жайгашкан 50 жаштардагы аялдын кызыгуусун арттырдым. Мага окшоп, ал дагы коронавируска карата тапшырган анализинин жыйынтыгын күтүп жатыптыр. Унчукпай турсам да, ал мага келип: «Сен кайда иштейсиң? Үй-бүлөң барбы? Кайсы жерде жашайсың? Батирге канча төлөйсүң? ”, - деген сыяктуу суроолорду берди. 
Ошону менен бирге эле ооруканада бет капты милдеттүү түрдө кийүү зарылдыгына жана ал бекер таратыла турганына карабай жанагы айым бет кап алып кийген жок. 

Үчүнчү күнү мен кайраттуулук менен: «Сураныч, мени ашыкча суроолор менен кыйнабаңыз. Андан тышкары, бирөөбүздө инфекция бар болсо, экинчибизге жугуп калышы мүмкүн”,- дедим. Бул сөзүмө “Ооба, эми сактанууга кеч болуп калды!” - деген күлкүлүү жооп алдым. Анын сөзү да чын. Башынан бери эле аны менен тыгыз байланышта болбош керек эле. 

Бир нече убакыт өткөндөн кийин, ал аял башка палатага которулду. Анын ордуна кыргыз аял келип, анын күйөөсү башка орунга жаткырылды.  Күйөөсүнүн кызыктай адаттары бар эле. Тыкылдатпай менин бөлмөмө кирип, аялына барып, эгер ал уктап жаткан болсо бийик үн менен ойготоор эле. 

Акырында мен чыдай албай: “Айтмакчы, бул аялдар палатасы. Бул жерге киргенде тыкылдатыш керек", - деп айттым. Андан кийин ал түнкү саат 2де келип, эшикти катуу тыкылдатып, менин жообумду күтпөй, аялынын бөлмөсүнө кирди. Ошондон бери менин көз алдымда кыргыздардын имиджи түшүп калды.

Асука Токуяма (Asuka Tokuyama) JB Press (Жапония)

На изображении может находиться: небо, растение, дерево и на улице

Автор: Айданбек Акматов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости