www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров кыргыз-өзбек чек арасындагы жер маселеси боюнча сөз кылды.

“Сузактын Кара-Дарыя айылында жергиликтүү бийлик Өзбекстан менен такталбаган чек арадан 25 гектар жердин 8 гектарын биз алдык, калганын Өзбекстанга бердик деп жатат. Жергиликтүү бийликтин ушундай чечим алууга ыйгарым укугу барбы?”, – деп сурады депутат.

“Эгерде ушундай такталбаган жерге убагында биздин дыйкандар дыйканчылык кылып келген болсо, алар салыгын төлөп келгенбиз, ижарага алганбыз деп айтышууда. Ал каражаттар кайда түшүп жатат? Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ушул меселеге көңүл бөлүп коюңуздар”, – деди Бакиров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости