www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда кармалган кыргыз депутаты Асылбек уулу Дамирбекти сотко чейин камактан алып чыгуу керек. Мындай сунушун бүгүн парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты. Ал казак тарапка депутаттардын кепилдиги менен кайрылуу жолдош керек деди:

- Парламент баарыбыз гарантия болуп, депутатыбызды сотко чейин өзүбүзгө тартып алсак. Ал качпайт эле, эки мамлекеттин көзөмөлүндө турат эле. Дамирбек Кыргызстандын желегин бир нече жолу көтөргөн, спорт жагынан ийгилик алып келген, эң негизгиси, ал парламенттин депутаты. Колдон келишинче жардам бериш керек. Алып чыгыш керек сотко чейин.

Дамирбек Асылбек уулу, андан тышкары дагы эки кыргызстандык Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров 19-февралда эки айга камакка алынган. Алар "ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон" деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости