www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Ким алты жылга шарттуу кесилип, 27 миллион сомдук айыпка жыгылды.
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 20-февралда чыгарып, Кимдин саламаттыгы, анын сыйлыктары эске алынганын билдирди. Алты жылдык шарттуу жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү деп эсептелет.
Ошондой эле сот аны «Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирди.
Кимдин жана анын адвокаттары райондук соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко кайрылууну көздөп жатышат.
Булак: "Азия Ньюс"