www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районундагы 4000 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден суу май таратып берди. Жалпы болуп 200 тонна ун, 20 тонна суу май райондун элине таркатылды. Ошону менен бирге коронавируска каршы күрөш фондуна 1 млн. сом которду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ушундай эле жардамды депутат Чыныбай Турсунбеков да көрсөтүүдө. Нарында 850 үй-бүлөгө, Ысык-Көлдө 40, Чүй облусундагы 40 үй-бүлөгө ун, кесме, май таратып берди. Мындан сырткары, алдыда дагы 1000 үй-бүлөгө жардам көрсөтүүнү пландап жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус илдетине байланыштуу элге колдоо көрсөтүү максатында жардам берүүлөрүн улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости