www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков аны мандатынан эл гана ажырата алат деп эсептейт.

Жээнбеков Мээрбек Мискенбаевдин айткандарын "чагым" деп атап, “президенттин ишине эч кийлигише албайм, биз эч качан Бакиевдин тагдырын кайталабайбыз” деп билдирди.

Бүгүн КСДП фракциясы жабык жыйын өткөрдү. Фракция лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, анда бир гана маселе – партиянын курултайына даярдык талкууланды, андан башка сөз болгон жок.

Буга чейин "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, иниси, КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырууга чакырган.

КСДП партиясынын жыйыны 31-мартта болору, анда Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагасы кылып бекитүү маселеси карала тургандыгы айтылууда.

.Булак: NazarNews.kg

Последние новости