www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews сайтына чыккан: «Талантбек мырза, ооруканын "көрсөтмөлөрү" кемшийет го...» деген жанылыка жооп:

Улуттук Госпиталдын Логвиненко көчөсү жактагы дарбазасы, оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактылуу толугу менен жабылган. Тоголок Молдо көчөсү тарабындагы дарбаза ачык. Бул дарбаза Советтер учурундагы өтө эски дарбаза болгондуктан толугу менен жаңыга алмаштыруу каралган, ошол себептүү жазуулары алына баштаган. Бүгүнкү күндө жазуусу бардыгы толугу менен алынып салынды.

Азыркы учурда оңдоо иштерине тендер жарыяланган, дарбаза жаңысына алмаштырылат. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетек, NazarNews.kg маалымат агенттиги бүгүн, 20-мартта Улуттук Госпиталдын Логвиненко көчөсү жактагы дарбазасында "сынык-сызык" көрсөтмө жазуусу тууралуу маалымат бергенбиз.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости