www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк алмашуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн керектөөчүлөрүнө алмашуу операцияларын ишке ашырууда алардын укуктары жана милдеттери тууралуу эске салууну зарыл деп эсептейт, анткени учурда калк тарабынан белгилүү бир даттаануулар келип түшүүдө.

Алмашуу операцияларын Улуттук банктын чет өлкө валютасын сатып алуу, сатуу укугу жөнүндө лицензиясына ээ коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда гана ишке ашырууну билүү зарыл. Анткени алмашуу бюросуна лицензияны алуу учурунда каттоодон өткөн дарегин көрсөтүү менен катталгандыгы тууралуу кат берилет.

Лицензиясыз иш алып барган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүүгө болбойт, анткени мындай учурда кандайдыр бир алдамчылык же жаңылышуу аракеттерди далилдөө мүмкүн эмес, негизи алар тастыктоочу документтерди да сунуштабайт. Мындай пункттардын салык төлөбөстөн иш алып баруусу өлкө экономикасына терс таасирин тийгизүүдө, мындай иш контролдукка да алынбайт.

Эгерде сизге ушул сыяктуу пункттар белгилүү болсо 61-04-86 телефону аркылуу Улуттук банктын коомдук кабылдамасына маалымдоону же [email protected]. электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүнү өтүнөбүз. Улуттук банк бул билдирүүгө милдеттүү түрдө чара көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости