www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл биринчи жолу жалгыз бой, балдары жок же жесир аялдарга эч кимдин коштоосу жок ажылык сапарга барууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев кабарлады.

«Апалардын суранычы менен күйөөсү жок, турмушка чыкпаган, жесир, балдары жок жана өмүрүндө биринчи жолу ажылыкка кетип жаткан жыйырмадай аялга гана уруксат берилди. Бул шартка туура келбегендерге уруксат берилген жок», — деди Абдылдаев.

Кыргызстанда соңку жылдары ажылык сапарга барууга кызыкдар аялдар көбөйүп жатат. Алардын жаш курагы 35-60тын тегерегинде. Буга чейин аялдар күйөөсүнүн, баласынын же тууганынын коштоосу менен гана ажыга барып келишкен.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй баштайт. Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларга бааланганын муфтияттан кабарлашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости