www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2016-жылы жазында өкмөт башына Сооронбай Жээнбеков келет. Аравияда элчи болуп жүргөн Жусупбек Шарипов Бишкекке келип, эки мамлекеттик жооптуу кызматты экөөңөр алганда болбойт деп, Асылбек Жээнбеков арызы менен кетет. Спикерликти өткөрүп бергенден кийин ал кездеги Атамбаев өзү үч жолу чакырып Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгын сунуштаган. Асылбек Жээнбеков үч жолу тең баш тарткан. Анткени, өкмөттүн жылдык отчету алгач ушул комитетте каралат.
Акеси премьер-министр болсо андан кантип отчет алмак эле? Эң акыркы жолу Асылбек Жээнбеков Атамбаев менен 2016-жылдын август айында жолугушкан. Ошондон кийин Атамбаев менен көрүшкөн эмес. Президенттик шайлоо 2017-жылы күзүндө өткөн, 2016-жылы ким президент болору белгисиз болгон, Мээрбек Мискенбаев айтып жүргөн мандат тууралуу убаданы бир жыл мурда бергенин кудай билет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg