www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова COVID-19 коронавирус пандемиясы шартында кошумча чараларды тартуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешме катышуучулары тарабынан белгиленгендей, пандемия шартында медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, буга байланыштуу кошумча кадрдык ресурстарды тартуу зарылдыгы келип чыгууда. 

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жогоку окуу жайлардын ректорлору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ЖОЖ окутуучуларынын жана клиникалык ординаторлордун катарынан мобилдик бригадаларда,  call-борборлордо жана саламаттык сактоо тутумунун мекемелеринде иштөө үчүн дарыгер-адистердин тизмесин сунуштоо тапшырылды.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын начальниги Бактыгүл Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иши башкармалыгынын начальниги Рыспек Жолдошбаевдер катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости