www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Турсунзаде шаарындагы инфекциялык ооруканада пневмония менен жабыркаган бейтап каза болгондон кийин дарыгерлердин бири катуу сабалды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыкты.

Жабыркаган дарыгер Ёкуб Дадажоновдун айтымында, 21-июнга оогон түнү улгайган бейтаптын көз жумганы белгилүү болору менен ага эки киши кол салган.

«Каза болгон адамга ким болорун билбейм, балдары же туугандары болушу мүмкүн. Алар дароо эле мага кол салышты. Башыма катуу сокку жегенимди билем, калганы эсимде жок. Кесиптештерим дароо реанимацияга жеткирилгенимди айтышты. Азыр нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатам», — деди дарыгер.

Маалыматка караганда, кол салуудан медайым менен санитарка да түрдүү жаракаттарды алышкан. Турсунзаде шаарындагы бул ооруканада апрелден бери пневмония жана СOVID-19 менен ооруган бейтаптар дарыланып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости