www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ат-Башы районунда КамАЗ унаасы 60 жаштар курактагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-май күнү саат 12:00 чамаларында болгон. Аталган 60 жаштагы аял жеринен каза болду.

"Унааны Чүй облусунун тургуну 59-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан. Ал Ат-Башыдагы дүкөндөргө суусундук ташып барган. Ал жолдон бурулайын деп жатканда аялды жөөлөп сүзүп алган”,-деп басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү иштер аткарылууда. Унаа айып короосуна токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости