www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 2-майында Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди.
"Бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. атту жаран, ал 1962-жылы туулган.

Экинчи бейтап 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну.
Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздиги",-деп айтылат маалыматта.

Республика боюнча жалпы 10 адам коронавирустан каза тапты. Ал эми жуктургандардын саны 769га жетип, анын 527си сакайып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости