www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбай турган болду. Бул тууралуу "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков “Азаттыкка” билдирди.

"Логистикалык борборду кура турган "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллиондон ашык сомду кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатабыз", — деди Байтереков.

Анын айтымында, инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруусун сураган.

Ошондой эле логистикалык борборду кура турган компания да билдирүү таратты.

"Логистикалык борбордун курулушуна биз 280 миллион доллар сарптоону пландаганбыз. Бул каражат компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан. Өлкө бийлиги менен сүйлөшүү учурунда биз объекттин курулуш планы бузулган шартта "Нарын" ЭЭА бир жактуу түрдө келишимди жокко чыгаруу укугуна ээ болсун деген шартка да макул болгонбуз.  Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп баштаганда орто эсеп менен 15 миңден кем эмес жумушчу иштемек.  Ал эми бюджетке алгачкы 8 жылда салык жана эмгек акы чегерүү түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк", — деп айтылат билдирүүдө.

Соңунда компания Россия, Белоруссия, Бириккен Араб Эмирлигинин, Түркиянын жана башка Европа, Азия өлкөлөрүнүн ири компаниялары менен логистикалык борбордун аймагына өндүрүштөрдү алып келүү боюнча макулдашылганын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-февралда, Ат-Башы районундагы администрациянын алдына жүздөгөнадам чогулуп, аталган аймакка логистикалык борбордун курулушуна каршы экенин билдиришти.

Нааразычылык акциясына чогулгандар резолюция кабыл алып, бийликке беш талап коюшкан.

Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулат дегенден бери эл тынчый элек. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган аймакка барып, индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзгөн болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости