www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Калысбек Жумаканов: “Коронавирус бизде деле бар…”

“Коронавирус бизде деле бар”. Мындай пикирин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымына караганда, биздин өлкөдө коронавирустун 50дөн ашык түрү бар. 

“Коронавирус бизде деле бар. Мисалы, тооктордун, ит, мышыктардын өздөрүнүн коронавирусу бар. Эми бул азыркы чыккан вирус мутацияга дуушар болгон, такыр белгисиз, адамдан-адамга тарап жаткан вирус да. Жаныбарлар арасында боло берет өздөрүнө тиешелүү коронавирусу. Кудайга шүгүр, бизде азыр жайылып жаткан вирус жок”,-деп жооп берди мекеменин директору депутаттын суроосуна. 

Муну уккан эл өкүлү элди чочутпоону суранып сүйлөгөндө этият болуңуз деп эскертти. Өз кезегинде мындай вирустар жаныбарлардын организминде жашаарын айтып, бирок Кытайдагы вирус эмес деп сөзүн оңдоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости