www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ө.Текебаев жана Д.Чотоновго байланыштуу кылмыш иштери боюнча "Ата Мекен" фракциясынын секретариатынын билдирүүсү

“Ата Мекен” партиясы буга чейин Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш иши жасалма жана саясый максатты көздөй турганын ар дайым айтып келди. Мунун коомчулук дагы жакшы билет. Анткени президент Атамбаев анын Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгесине каршы чыккандардын баарынан өч алууда. Көптөгөн партиянын мүчөлөрү жана “Ата Мекендин” лидерин жактагандар кызматтан алынышып, активисттер, укук коргоочулар жана депутаттар ар түрдүү басымга туш болушууда. Айрыкча улуттук канал жана ушул сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бир беткей каралоо жүрүүдө. Журналисттерге жана партиянын мүчөлөрүнө Атамбаев жана анын айланасындагылардын пайдасына чечиле турган миллиондогон арыздар каралууда. Депутаттар Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовго ойдон чыгарылган кылмыш иштери козголду.

15-майда УКМК Башкы прокуратура аркылуу Ө. Текебаевдин ишин сотко өткөрдү. Тергөөчүлөр Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго жана алардын жактоочуларына аларга каршы кылмыш иши менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. 26-апрелде тергөөчү Өмүрбек Текебаевге жана анын жактоочусу Чынара Жакупбековага тиешелүү гарфик каралганын, ага байланыштуу кылмыш иши менен таанышууну 13-майга чейин бүтүрүү керектигин айткан жагдайы бар. Президент Атамбаев бир нече жолу Текебаевдин ишинде саясый боек жок экенин айтып “Анда коррупция менен алдамчылык орун алган. 10 күбө бар. Кудай буюрса, апрелдин акырына чейин иш сотко өтөт” деп кайталаган эле. Муну менен ал иштин кылмыш туу жагдайы түгүл, тергөө менен соттун өндүрүшүнүн дагы убактысын аныктап койгон. Тергөөчүлөр жогортон келген графиктен чыкпай кылмыш конституциялык укук менен процессуалдык кодекстин нормаларын одоно бузушту.

25-апрелден 15-майга чейинки аралыктагы сегиз күн дем алыш жана майрам күндөрүнө туш келген. Ал эми бардык жумушчу күндөрдө жактоочу Чынара Жакупбекова Бишкекте жана аймактарда соттук иштерде катышкан. Ал эми кылмыш процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык жактоочу жана айыптоочу тараптын иш аракети атаандаштык жана тең укуктуулук принциптерине негизделиши керек.

Бул принциптерди ишке ашыруу үчүн КР кылмыш-процессуалдык кодексинин 231-беренесинде айыпталуучу менен жактоочунун бардык иштин материалдары менен таанышып чыгуусу учун убакыт чектелбе керектиги белгиленген. Тергөөнүн мындай шашылыш жүрүшү президенттин билдирүүсүн тастыктап, Текебаев менен Чотоновго ачылган кылмыш иштери саясый мүнөздө жана алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу экендигинен дагы бир жолу кабар берет.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости