www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне жүрөгү – аалам түнөгү! Бул жалганда эмне алаамат болсо, анын баары Эне жүрөгү аркылуу өтөт. Эне – өмүр башаты, бала – өмүр жалгоосу. Биздин жамандык-жакшылыгыбыздын баарын мээрман Эне көтөрөт.

Ар адам жаш курагына карабастан, Эне алдында бала бойдон калып, өмүр бою анын мээримин сезет. Биз канчалык Эне сүтүн актадык, кадырына жеттик дегенибиз менен, өмүр өткүчө эненин алдында карыз бойдон калабыз. Эне тилеги Бейиштей бейкам жалаң гана жакшылыкка жалгашкан.

Мухаммед пайгамбарыбыздан “Энеңди сыйла, энеңди сыйла, энеңди сыйла, андан кийин калган жакындарыңды сыйла”, “Бейиш эненин таман алдында” деген өчпөс нускалар калган.  Бул бекеринен эмес. Мына ошол бүтүндөй коомдун уюткусу болгон үй-бүлө, тарбыя менен таалим, тынчтык менен ынтымак, кечиримдүүлүк менен түтүмдүүлүк башатында Эне турат. Эне – чыныгы турмуш туткасы.  Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли эзелтен эле Энелерге өзгөчө кадыр-барк менен мамиле жасап, мээримин төгүп келген.

Кыргыз калкы абалтадан эле энесин урматтап, кызын сыйлап келген журт. Анын дал ушундай касиети улут катары сакталып, калыптанып, өнүгүп келе жатканынын бирденбир өбөлгөсү деп түшүнөм.

Кымбаттуу энелер! Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди улук майрам – Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм.  Жашоо жарыгы, үй куту болуу менен, өз эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, жаз айындай дайым жаш, дайым кооз болуңуздар. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, жарык маанай каалаймын.

Сиздерди терең урматтоом менен Арзыбек Кожошев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости