www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Өмүрбек Текебаевдин резонанстуу сотунун бүтүшү тездеп, аны түрмөгө кесүү менен саясаттан четтетүү аракеттери көрүлсө, ошого катар Аида Салынова менен Алмамбет Шыкмаматов да соттолуп, мандаттарынан ажыроосу күтүлүп атыптыр.

Келечекте “Ата Мекен” фракциясына Сайдулла Нышанов лидер болуп шайланып, анна бийликчил күчкө айланышары, керек бюолсо коалицияга кирүүгө да жол ачылышы ыраспы? Ошондо “коррупциянын уюгу” катары айтылып жүргөн “Бир Бол” фракциясы оюндан чыгабы? Күздөгү саясаттын күрдөөлү менен “Бир Болдогу” көпчүлүк депутаттардын өткөн чактагы иштери тергелип, бул партиянын да саясаттан четке сүрүлүшү каңкууланууда…

Ток этери, “көшөгө артынан ымдашканды” кыйла өздөштүргөн Сайдулланын багы жанып, бийликти мактап жүргөн “эмгеги” акталабы? Сыягы, “Ата Мекендин” түбүнө дал ушул “өздөн чыккан” пенде жеткени калды окшойт…

Булак: "АзияНьюс"

Последние новости